Яндекс Go «Кеӊ пейил ноябрь» акциясынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын кайрымдуулук уюмдарына 600 миӊ сом которот

28-ноябрда “Кеӊ пейил шейшембиде” Яндекс Go Кыргызстандын Help the Children – SKD, «Биринчи балдар хосписи», «Бириккен кол», «Үмүт-Надежда» кайрымдуулук уюмдарынын пайдасы үчүн өткөргөн «Кеӊ пейил ноябрь» акциясынын жыйынтыгын чыгарат.

Акцияга катышуу - такси чакыруу үчүн Яндекс Go тиркемесин колдонгон ар бир жаран үчүн эӊ оӊой. Бул үчүн ноябрь айында жума күндөрү сүйүктүү тариф боюнча Кыргызстандын бардык шаарларында жана бардык убакта жок дегенде бир жолу сапарга чыгуу жетиштүү болду.

Маршрут канчалык узак жана сапарлар канчалык көбүрөөк болсо, салым дагы ошончолук көп болот. Колдонуучулардын жекече, ошондой эле достор, тааныштар жана туугандар үчүн ишке ашырылган сапарлары дагы эске алынды. Жолдун ар бир 10 чакырымы үчүн сервис акциянын пайдасына өз эсебинен 1 сомдон которду. Яндекс Go акциянын төрт күнүндө чогулган сумманы көбөйттү – эми кайрымдуулук уюмдары үчүн жалпы 600 миӊ сом которулмакчы.

«Кеӊ пейил ноябрь» акциясы аркылуу ар бир жүргүнчү аутизм менен жабыркаган балдардын өнүгүшү үчүн чакан салымын кошту, соопчулук ишке себепкер болду. Бул акция адамдардын жүрөгүн жибите алды жана алар боорукерлик иштерди улантат деп ишенем. Биз башкы уюм болуп саналабыз жана аутизмге кабылган балдар үчүн борбордун бүткүл иштери ата-энелердин кошумчасынын жана кайрымдуулук жардамдарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат. Алынган каражаттар сабактар үчүн окутуу-оюн колдонмолорун, канцелярия товарларын, чыгармачылык үчүн товарларды, адистердин дараметин жогорулатуу үчүн курстарды төлөөгө пайдаланылат», - деди «Бириккен кол» уюмунун төрайымы Джылдыз Садыкова.

«Кеӊ пейил ноябрь» акциясы – бул бизнестин муктаждарга жардам берген демилгесинин эӊ сонун мисалы. Ар бир чакырым сапар – бул онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык оорулардан жабыркаган балдарды колдоого жакшы кадам. Ушул демилгеге кошулган бардык адамдарга рахмат, биз биргеликте биздин камкордукка жана көӊүл бурууга муктаждардын дүйнөсүн алда качан жарык кылабыз», – деп айтып берди Help the children-SKD ККФнун аткаруучу директору Тамара Колесова.

Катышуучу кайрымдуулук уюмдары жөнүндө:

Биринчи балдар хосписи
Биринчи балдар хосписи – бул катуу оорулуу балдарга паллиативдик жардам берген кайрымдуулук фонду. Хоспис 7 жылдан бери иштейт жана кайрымдуулуктун эсебинен гана ишин улантууда. Паллиативдик кызматтын негизги идеясы – катуу жана айыкпай турган ооруларга кабылган балдарга жана алардын бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу жашоо мүмкүнчүлүгүн берүү. Учурда 70 үй-бүлө хоспистин камкордугуна алынган.

Help the Children – SKD
«Help the Children – SKD» коомдук кайрымдуулук фонду онкологиялык, гематологиялык жана иммунологиялык оорулардан жабыркаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам берип келет. Фонд 2007-жылдан бери балдар үчүн зарыл дарылоону төлөйт, оорукана бөлүмдөрүндө ыӊгайлуу шарттарды түзөт, дарыгерлерге колдоо көрсөтөт жана окутат.

"Бириккен-кол" КБ
Аутизмден жабыркаган балдардын ата-энелеринин "Бириккен-кол" коомдук бирикмеси 2012-жылы түзүлгөн, бул азыр өлкөдөгү майып балдар менен иштешүү жана алардын кызыкчылыктары коргоо жаатындагы алдыӊкы бейөкмөт уюмдардын бири. Борбордун адистери дүйнөлүк мыкты практиканы пайдаланат. 10 жылда борбордон 1400 ашык бала реабилитациялык кызматтарды алды, алардан 459 бала жалпы билим берүү мекемелерине өттү. "Бириккен-кол" аймактардагы башка борборлор, дарыгерлер, педагогдор, социалдык өнүктүрүү кызматкерлери үчүн менталдык майыптыгы бар балдарга тиешелүү маселелер боюнча тренингдерди жана консультацияларды өткөрүп турат.

"Үмүт-Надежда" БРБ
«Үмүт-Надежда» балдардын реабилитациялык борбору – ден соолугунун өзгөчөлүгү бар балдарды инклюзия жана реабилитация кылуу максатында уюшулган коомдук кайрымдуулук фонду. Борбор дарылоочу педагогика боюнча адистерди окутат, социалдык-психологиялык жардам көрсөтөт, балдарды өнүктүрүүчү жана терапевтик сабактарды өткөрөт. Азыркы учурда борбордон 70 ашык бенефециар жардам алат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан