Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитети тууну өзгөртүүнү бир добуштан колдоду. Мыйзам долбоору эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси - төрага Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов.
Демилгечилер желектин түсүн өзгөртүү тууралуу сөз жок деп, түндүк жана күндүн нурларынан формасы өзгөрө турганын белгилешти.
Улан Примов мыйзам долбоору башкы мамлекеттик символдорунун бири болгон желекти жакшыртууга багытталганын белгиледи.