Аба ырайы, 17-декабрь: Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт

17-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак болот. Тоолуу аймактардын жолдорундо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -8°C  

Талас облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -10°C  

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -6°C, түнкүсүн -9°C  

Баткен облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -7°C  

Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -7°C  

Нарын облусу. Күндүз -9°C, түнкүсүн -15°C  

Бишкек шаары. Күндүз -2°C, түнкүсүн -7°C  

Эскертүү! 16-17-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100км) унаа жолдорунда кар көчкүсү түшүүсү күтүлөт. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан