IPhone 13 Pro Max телефонун уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-ноябрда Бишкек шаарынын Ленин РИИБге А.А. аттуу жаран белгисиз адамга карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Чүй проспектисинде жайгашкан компьютердик клубдардын биринде 110 миң сомдук IPhone 13 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап кеткен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

"Тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары учурунда Ленин РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган Р.А. аттуу шектүү кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан