Айнура Сагынбаева: “Эркектер кандай аялды каалаарын билишпейт”

SUPER.KG порталынын маек төрүндө бул жолу психолог, блогер Айнура Сагынбаева болду.

Ал жеке жашоосу, учурда коомчулуктагы болуп жаткан көйгөйлөр, акыркы убактарда зордук-зомбулуктун көбөйүшү жана аялдардын коомдогу эң негизги милдеттери, укугу тууралуу сөз кылды.

Мындан сырткары, маектин жүрүшүндө ал 40 жашында таанымал блогер болууну чечкенин айтты.

"Мен унаада баратып аябай катуу ойлонуп, 40 жашымда таанымал блогер болууну чечтим. Социалдык тармакта баары эле таанымал боло албайт. Мен ал үчүн катуу даярдандым, окудум, быштым", - дейт ал.

Ошондой эле ал аял менен эркектин мамилесине да токтолду.

"Биздин эркектер кандай аял каалаарын деле билишпейт. Бирок менин постторумду окуган эркектердин ою өзгөрүп, жанында кандай айымды көргүсү келгенин аңдап калышат. Ал эми мага кайрылган айымдардын 90 пайызы "күйөөм көзүмө чөп салып жатат" дегендер. Өмүр бою үй-бүлөдө жалгыз ханыша болгусу келсе, анда Хюррем Султандай күрөшүү керек", - дейт Сагынбаева.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uri24
2023-11-28 22:27:00
Кыздардын бети башын хиджаб, паранджага тумчулоо - кыздардын жашоосун тозоко түртөт. Эркектердин каалосуна ылайык эрежелерди кыздарга таңуулап, кыздарга жашоонун ырахатын көргөзгүсү келбеген акмак эркектерден кутулуш керек.
0
Uri24
2023-11-28 22:29:00
Кыскасы кыздарды өзүнүн малайы катары көргүсү келген эркектер зордукчул болушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан