Жылнаама: 17-декабрь. Жаш Гвардия бульварын салуу боюнча чечим кабыл алынган

* 1926-жылы 17-декабрда СССРде алгачкы ирет эл каттоо жүргүзүлүп, анда Кыргыз АССРинин аймагында  762 736 киши жашагандыгы аныкталган.
* 17-декабрь, 1939-жыл. Кыргызстандагы эң көлөмдүү бульварды республиканын борборунда төшөө туурасында чечим кабыл алынган. Фрунзе шаардык жумушчу депутаттар Кеңеши Кыргызстандагы эң көлөмдүү бульварды республиканын борборунда төшөө туурасында чечим кабыл алган. Шаардык депутаттар архитекторлордун бульвар салынчу көчөнү мурдагы Ат-Башы, азыркы Жаш Гвардия бульварын тандаган долбоорун жактырышкан. Ошентип, болочок эс алуучу жайдын план-проспектиси камдала баштаган. Шаардык жашылдандыруу курулуш бирикмесине бульвар түшө турган көчөгө бак-дарактарды отургузуу ишин баштоо тапшырмасы берилген.  
*1977-жылы 17-декабрда  ырчы, алпаруучу, модель, “Аалам периси” наамынын жеңүүчүсү Оксана Федорова Орусиянын Псков шаарында туулган. Юридикалык билимге ээ болгон ал учурда милициянын майору. Ошондой эле "Санкт-Петербург периси" (1999), "Орусия периси" (2001) наамдарына ээ болуп, 2002-жылы "Аалам периси" деп табылган. 
* 17-декабрь, 2011-жыл. Корея Элдик-Демократиялык Республикасын (Түндүк Корея) 17 жыл бийлеген лидер Ким Чен Ир каза таап, расмий маалыматтарда 69 жаштагы башчы эл үчүн кызмат кылып, кара күч жана акыл-эсине оор келгендиктен дүйнө салганы белгиленген. Бирок ал 2008-жылы эле инсультка кабылып, ошонун кесепетинен поездде жүрөгү токтоп каза тапканы аныкталган. 
Лидерди жерге берүү иш-чарасы Пхеньян шаарында 28-декабрда өткөн. Ал эми Ким Чен Ирдин атасынан калган башкаруу кызматы үчүнчү уулу Ким Чен Ынга өтүп, ал расмий түрдө “улуу мураскер” деп табылган.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан