MBANK кардарларын банктын эң чоң филиалына чакырат

Өлкөнүн санариптик банкы MBANK өзүнүн кардарларына өлкөдөгү эң чоң филиалынын эшигин ачты. 2023-жылдын 29-ноябрында MBANK Asia Mall жаңы филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бул MBANKтын Кыргызстан боюнча ачылып жаткан жаңы форматтагы филиалдарынын бири болуп саналат. Филиал заманбап тенденцияларды эске алуу менен MBANKтын жаңы визуалдык стилинде жасалып, кардарларды эффективдүү тейлөөгө багытталат.

Жаңы кеңсенин концепциясы - бул кенен жана жарык бөлмө. Анда ар бир элемент кардарлардын муктаждыктарын жана ыңгайлуулугун эске алуу менен жасалган.

“Биз кардарларыбыздын жашоосун жеңилдетүүгө жана каржы кызматтарын өлкөбүздүн ар бир жашоочусуна жеткиликтүү кылууга умтулуп келебиз.

Бүгүн мен, MBANK санариптештирүү аркылуу финансылык кызматтарга жетүүнү жөнөкөйлөтүп, тез, ыңгайлуу жана сапаттуу финансылык кызматтарды көрсөткөн өлкөдөгү биринчи банк деп ишенимдүү айта алам. Аны төмөнкү сандар өзү көрсөтүп турат: 5,5 миллион MBANK тиркемесин жүктөө, 1500дөн ашуун кызматтар үчүн төлөмдөр, 260 заманбап банкоматтар, 33 сберкассалар, өлкө боюнча 19дан ашуун филиалдар, филиалдардан жана сберкассалардан тышкары 17 кардарларды тейлөө пункттары жана Россиядагы өзүнүн өкүлчүлүгү.

Cөзүмдү аяктап жатып, MBANK бүтүндөй өлкөнүн санариптик өнүгүүсүнө багыт алганын баса белгилеп кетким келет. Биз бул маанилүү миссияны ишке ашырууну улантабыз жана Кыргызстандын бардык аймагында жаңы форматтагы филиалдарды ачууга багыт алабыз», - деп белгилейт Башкаруу Кеңешинин төрагасы Бектур Алиев.

Жаңы филиалдын өзгөчөлүгү санариптик интеграция болуп саналат. Анда онлайн кезек филиалга келүү убактысын пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Дубалга орнотулган LED-экранга валюта курсу жана банктын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат чыгып турат. QR код менен маалыматтык стенд MBANK тиркемесине жана MBusinessке түздөн-түз алып барат.

Аянты 700 м2 болгон банктын жаңы филиалында көп сандаган калкты тейлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Алсак, кредит бөлүмү кеңейтилди, акча жана валюталык операцияларды жүргүзүү үчүн 7 касса орнотулду. Анын ичинен 2 касса VIP кардарларга премиум кызмат көрсөтүү үчүн жасалды. Жолугушуулар үчүн өзүнчө бөлмө, ошондой эле кызматкерлер үчүн эс алуу жана ашкана бөлмөсү да жасалды.

Ачылышка банктын өнөктөштөрү жана кардарлары катышты. Жаңы филиал: Ч. Айтматов проспекти 3, “Азия Молл” соода борборунда саат 10:00-21:00 аралыгында эс алуусуз жана майрам күндөрү да өзүнүн кардарларына үзгүлтүксүз кызмат көрсөтөт.

MBANK – биринчи санарип.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан