Бишкектин 19 муниципалдык отканасы ийгиликтүү газга которулду: Мэрия менен "Газпром Кыргызстан" кызматташтыгынын натыйжасы

Долбоор Бишкек шаарынын мэриясы менен «Газпром Кыргызстан» компаниясы 2021-жылдын январында кол койгон меморандумдун алкагында ишке ашырылды. Макулдашуу “Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорундагы экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чаралардын 2021-2023-жылдарга планын” ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Бүгүн Бишкек мэриясынын, «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын өкүлдөрү №35 жалпы билип берүүчү мектебине жана №12 бала бакчасына барышты. Иш сапардын жүрүшүндө жолугушуунун катышуучулары мекемелерде түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышып чыгышты.

Жыргалбек Шамыралиев, Бишкек ш. вице-мэри:

«Ушул жылдын башында «Газпром Кыргызстан» менен Бишкек шаарынын мэриясынын ортосунда борбор калааны газдаштыруу боюнча жол картасына кол коюлган. Буга чейин көмүр жагылып келген муниципалдык отканалар ийгиликтүү жаратылыш газына өткөрүлдү. Мындай көрүнүш калктын ичинде көмүрдү керектөөнүн көлөмүн дээрлик 12 миң тоннага кыскартты. Бул шаардыктардын ден соолугуна жана абанын сапатын жакшыртууда оң таасирин тийгизет.

Мисалга алсак, №12 бала бакчада мурда жылына 220 тонна көмүр жагылса, №35 мектепте 120 тонна көмүр керектелген. Аталган отканаларда жагылган көмүрдүн жалпы көлөмү 340 тоннаны түзгөн. Ал эми көмүр, белгилүү болгондой, ордо шаардын аймагында ыштын жайылышында орчундуу ролду ойнойт. Отканалардан тышкары, азыркы учурда Бишкекте жана Чүй облусунда калктуу конуштар дагы жигердүү газдаштырылып жатат».

Руслан Сабыров, №35 орто билим берүү мектебинин директору:

«Биз газдаштырууга кубанычтабыз. Мектептин ичи гана эмес, айланасы дагы таза болуп калды. Ошондой эле газга өтүү айлана-чөйрөгө оң таасирин тийгизүүдө. Атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы азайып, бул балдардын ден соолугуна жагымдуу таасирин тийгизет».

Меморандумдун алкагында жаңы газ отказандарын сатып алуу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каржыланган. «Газпром Кыргызстан» компаниясы отказандарын катуу отундан жаратылыш газына өткөрүү боюнча техникалык иштерди каржылады. Мындай каржылоонун суммасы 30 млн сомдон ашты.

Мурат Сулайманов, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун орун басары:

«2021-жылдын январында Бишкек шаарынын мэриясы менен «Газпром Кыргызстан» компаниясы меморандум түзүшкөн. Анын алкагында «Бишкекжылуулукэнергонун» 19 отканасын жаратылыш газына өткөрүлмөкчү. Бүгүн кубануу менен белгилегим келип турат, меморандумдун бул программасы толугу менен аткарылды. Буга «Газпром Кыргызстан» да жигердүү катышты. Меморандумда көрсөтүлгөн бардык иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн олуттуу каражаттар жумшалган. Бул каражаттар газ берүү жумуштарына, тышкы жана ички тармактарды тартууга, газдаштырууга, ширетүү шовдорун рентгеноскопиялык контролдоого жана башка ушул сыяктуу техникалык жумуштарга багытталды. Бишкек шаарынын экологиялык жагдайын жакшыртууга өз салымыбызды кошуп жатканыбызды канааттануу менен дагы бир ирет белгилейбиз».

Болуп өткөн жолугушуунун бардык катышуучулары белгилегендей, муниципалдык отканаларды которуу, албетте, шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга таасирин тийгизип, атмосферадагы зыяндуу чыгындыларды кыйла азайтат жана көө, күл чыгаруу түйшүгү жоктугунан улам жылытууга кеткен чыгымдарды оптималдаштырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан