MBANK эксклюзивдүү мүмкүнчүлүктөрдү сунган премиум класстагы картаны сунуштайт

MBANK карта ээлерине кызматтардын кеңири спектрин сунуштаган жана артыкчылыктардын бүтүндөй дүйнөсүн ачкан, өзүнүн жаңы премиум кызмат көрсөткөн картасын ишке киргизди.



«Эксклюзивдүүлүктү жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү баалаган кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн биз MBANK Premium картасын чыгардык. Ал күнүмдүк жашоодо убакытты үнөмдөө менен, эл аралык саякаттарды да жагымдуу шарттарда камсыз кылат. Карта бир катар орчундуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. М: акысыз Visa Lounge Key программасы, аэропорттордо багажды акысыз таңгактоо кызматы, MBANK TVга акысыз жазылуу жана башка көптөгөн кызматтар», - деп белгилейт MBANKтын Инновациялар жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору Марат Төралиев.

Төмөндө MBANK Premium сунган бир катар артыкчылыктар менен таанышыңыз:

● Премиалдуу тейлөө:
MBANK Premium эффективдүүлүктү жана кылдат көңүл бурууну айкалыштырган жекече тейлөө деңгээлин камсыз кылат.

● Накталай эмес сатып алуулар үчүн 2% кешбэк:
Сарптаганыңызда да үнөмдөңүз. Бардык накталай эмес сатып алуулар үчүн 2% кешбэк алыңыз.

● MBonus: лоялдуулук программасынын алкагында “Күмүш” деңгээл:
Лоялдуулук программасында Күмүш деңгээлиндеги эксклюзивдүү артыкчылыктардан ырахат алыңыз. MBANK QR аркылуу төлөөдө 10% кешбэк алыңыз.

● Lounge Keyди жылына 2 жолу акысыз колдонуу:
Жылына 2 жолу аэропорттордо ыңгайлуу шарттарда акысыз эс алыңыз.

● Авиакамсыздоо:
Биз саякаттоодо дагы сиздин коопсуздугуңузга кам көрөбүз. Пакетиңиздин ичинде аба камсыздандыруу да бар.

● Жылына 2 жолу аэропортто багажды акысыз таңгактоо:
Сиз саякаттап жатканда сиздин жүгүңүз акысыз таңгакталат.

● Консьерж кызматы:
24 сааттык консьерж сиздин көрсөтмөлөрүңүздүн баарын аткарат.

● MBANK TVге акысыз катталуу:
MBANK TV акысыз катталып кыргыз тилиндеги эксклюзивдүү видеоконтенттерден пайдаланыңыз.

● 1 жумуш күн ичинде чыгаруу жана жеткирип берүү кызматы:
Биз сиздин убактыңызды баалайбыз. MBANK Premium картаңызды эң кыска мөөнөттө, болгону 1 жумуш күн ичинде алыңыз. Жылдык тейлөөнүн баасы 6000 сомду түзөт.



MBANK Premium картасын онлайн буюртма берүүгө болот. Ал үчүн:

1. MBANK’ты ачып, "MBANK картасын ачуу/ буюртма берүүнү" тандаңыз
2. MBANK Premiumду жана валюта түрүн тандаңыз
3. Эрежелер менен таанышып, "Сатып алуу" баскычын басыңыз
4. Картаны жеткирүү үчүн маалымат талаасын толтуруңуз жана бардык маалыматтарды ырастаңыз
5. SMS аркылуу тастыктоо кодун киргизип, жылдык карта кызматын төлөңүз
6. Бардык маалыматтарды текшерип, "Ырастоо жана төлөө" бөлүгүн басыңыз. Даяр!
Сиздин картаңыз 1 жумуш күндүн ичинде жеткирилет.
*картаны буюртма берүүдө жылдык тейлөө дароо алынат.
MBANK Premium картасы менен артыкчылыктар дүйнөсүн ачыңыз!

MBANK – Биринчи санарип.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан