Кара-Көлдө ВАЗ-2107 унаасы уурдалган. Унаа Дордойдон табылып, шектүү кармалды

Кара-Көл шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, милицияга 35 жаштагы жаран кайрылып, 25-ноябрь кечки саат 17:00дөн 26-ноябрдын эртең менен саат 08:30га чейинки убакыт аралыгында өзү жашаган үйүнүн короосунан ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап кетип калгандыгын билдирген.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаа Бишкек шаарынын Дордой 1 жаңы конушунун табылган. Ошондой эле кылмышка шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1992-жылы туулган С.Э. кармалып, Кара-Көл шаарына алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Автоунаанын ээси унаасы табылып, кайтарылганына кубанып жаткандыгын айтып, Кара-Көл милициясына ыраазычылык билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан