“Керемет Банк” менен “Мамлекеттик ипотекалык компания” тарабынан курулган үйдүн ачкычын тапшыруу салтанаты болуп өттү. Ага Төрөбаев катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кечээ, 10-декабрда Бишкек шаарынын Анкара көчөсүнө курулган турак үйдөгү батирлердин ачкычын ээлерине тапшыруу аземине катышты.

Бул 108-сериядагы ири панелдүү тогуз кабат объект президенттин Администрациясынын 2022-жылдын 18-февралындагы №18-573 Протоколдук тапшырмасынын “Шаарларда турак жай куруу үчүн селитебдүү аймактарды уюштуруу жана аны каржылоо механизмдери” 3-пунктунун, ошондой эле “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” ААК ортосундагы 2022-жылдын 30-апрелиндеги 19-04-2022-ГС “Кызматташтык жөнүндө” Генералдык макулдашуунун негизинде курулган.

Аталган иш-чарага “Керемет Банк” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Тимур Бербаев, Банк Башкармалыгынын Төрагасынын орун басарлары Кастору Мамытова, Руслан Султанов, ушул эле каржы мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Амантур Омуров, МИК Башкармалыгынын экс-Төрагасы Аида Төлөгөнова жана үй алган адамдар катышышты.

Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө 55 үй-бүлө жаңы үйгө көчүп кирип жатышкандыктары үчүн Аида Бейшеналиевага, МИК жетекчилигине, долбоорду жүзөгө ашырган “Керемет Банкка” ыраазычылык билдирип, Мамлекет мындай иштерди дагы да улантаарын, жалпы жолунан алганда ипотеканын ар кыл багыттары боюнча болжол менен нече миң квартира пайдаланууга берилээрин белгилеп келип, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзгөндүгү үчүн “Фаворит Строй Групп” курулуш компаниясына дагы ыраазычылык билидирип өттү.

"Биздин каржы мекемебиздин эмгек жамааты үчүн (“Керемет Банк” мамлекеттик банк болуп саналат) социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, калкыбыздын үйгө болгон муктаждыгын жоюуга багытталган бул өңдүү мамлекеттик программаларды аткаруу чоң сыймык. Себеби, коомго кызмат кылуу, каржылык кызмат көрсөтүү – бул биздин парзыбыз!",деди “Керемет Банк” ААК Башкармалыгынын Төрагасы Тимур Бербаев.

Амантур Омуров өз сөзүндө аталган долбоор өлкө башчы Садыр Жапаровдун, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасы Президентинин Администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун демилгеси менен ишке киргизилгендиги тууралуу айтса, Аида Төлөгөнова жаңы үйгө көчүп кирип жаткандарды куттуктап, аталган пилоттук долбоор ийгиликтүү аяктагандыгын, мындан ары дагы улантылаарына ишене тургандыгын айтты.

2022-жылдын ноябрь айында “Керемет Банк” Башкармалыгы тогуз кабат турак үйдүн курулушу үчүн “Фаворит Строй Групп” курулуш компаниясын тандап алып, 2023-жылдын апрель айынын аягында аталган курулуш иштерин МИК каражаттарынын эсебинен каржылоону баштаган. Объект 2023-жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилген, башкача айтканда курулуш иштери акча бөлүнгөн күндөн тартып туура жети айга созулган.

Курулуш иштерине заманбап, сапаттуу жана кымбат баалуу материалдар колдонулган. Имаратка Түштүк Кореяда даярдалган лифттер орнотулган жана үй борбордук коммуникациялык түйүнгө кошулган (ысык жана муздак суу, канализация, электр энергиясы, газ).

Маалымдама:

Министрлер кабинети республикабыздын тургундарын арзан үй менен камсыздоо максатында 2021-жылы Менин үйүм 2021-2026 турак жай программасын бекиткен.

“Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы “Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коому тарабынан жүзөгө ашырылат жана ал бюджеттик мекемелердин кызматкерлери үчүн – “Жеңилдетилген ипотека”, калктын аз камсыз болгон аялуу катмарынын өкүлдөрү үчүн “Социалдык ипотека” жана ишмердүүлүгүнүн түрүнө карабастан өлкө жарандары үчүн “Арзан ипотека” багытында жүзөгө ашырылат.

2022-жылдын 30-апрелинде “Керемет Банк” КР Президентинин Администрациясынын 2022-жылдын 18-февралындагы Протоколдук тапшырмасын аткаруу үчүн “Мамлекеттик ипотекалык компания” менен “Кызматташуу жөнүндө” Генералдык макулдашууга кол койгон.

Аталган генералдык макулдашуунун шарттарына ылайык МИК банкка инвестициялык акча каражаттарын берет, ал эми “Керемет Банк” “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын катышуучуларына 25 жылдык мөөнөт менен (жылдыгы 8%) “Арзан ипотека” багыты боюнча ипотекалык насыяларды берет.

“Керемет Банк” ипотекалык насыясынын 55 карыз алуучусу “Фаворит Строй Групп” ЖЧКсы менен курулушка үлүштүк катышуу келишимин түзүшкөн. Белгилей кетсек, мамлекеттик программанын алкагында ипотекалык насыя алуучулардын мындай биргелешкен катышуусу жарандардын ыңгайлуулугу үчүн иштелип чыккан уникалдуу пилоттук долбоор болуп саналат жана ал ийгиликтүү ишке ашырылды. Төмөндө келтирилген факт бул долбоордун кардарлар үчүн пайдалуу болгондугун айгинелейт: 108-сериядагы үч бөлмөлүү (жалпы аянты – 93 кв.м.) батирлер толук бүткөрүлүп өз ээлерине тапшырылды. Бул батирлер 54 миң АКШ доллары өлчөмүндө сатылды, белгилей кетсек ушул өңдүү эле 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлер 75-80 миң АКШ доллары турат.

Ипотекалык насыялоонун шарттары менен “Керемет Банктын” https://keremetbank.kg расмий сайтынан кеңири таанышууга болот, ошондой эле төмөнкү телефондор аркылуу дагы сурап-билүүгө болот (996 312) 55 44 44 же е-mail – call-center@keremetbank.kg.

КРУБдун №049 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан