MEGA жана "РСК Банк" өздөрүнүн коллаборациясы жана жаңы продуктту ишке киргизүү боюнча инновациялык презентацияны өткөрүштү

Бүгүнкү күндө эки ири мамлекеттик компаниянын – MEGA жана "РСК Банктын" кызматташуусу боюнча борбордогу мейманканалардын биринде мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана ЖМКнын өкүлдөрү үчүн инновациялык презентация болуп өттү.

Иш-чарада эки флагмандын GovFinTech долбоорунун алкагында стратегиялык өнөктөштүгү тууралуу меморандумга расмий кол коюлду. Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө чечим мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан санариптик реформалар, ошондой эле базар динамикасы менен шартталган. Ушунун алкагында мамлекеттик уюлдук оператор MEGA жана "РСК банк" Кыргызстанда интеграцияланган мамлекеттик финтех экосистемасын түзүү боюнча өзүнүн биринчи өнөктөштүк долбоорун жарыялашты.

«GovFinTech MEGA жана «РСК Банк» экосистемасы - бул экономикага жана социалдык маселелерди чечүүгө, мамлекеттик санариптик экотутумду түзүү менен аны модернизациялоо жана глобалдык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлккө экономиканын санариптик трансформациясын тездетүүгө салым, - деп билдирди «РСК Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Улан Ногаев. - Биз MEGA менен өнөктөш болгонубузга кубанычтабыз, аны биздин кардарлар үчүн артыкчылыктардын кеңири спектри менен алдыңкы технологияларды колдонуудагы жана финансылык кызматтарды санариптештирүү стратегиясын ишке ашыруудагы негизги кадамдардын бири деп эсептейбиз. Биргелешкен аракеттер менен биз, чогу финтех секторун өнүктүрүүнү олуттуу тездетүүгө жана өлкөнүн финансылык туруктуулугун бекемдөөгө жетишебиз. MEGA менен - Mega долбоорлоруна».

MEGA компаниясынын Башкы директору Айбек Куренкеев өз сөзүндө бул долбоор биздин өлкөнүн мамлекеттик санариптик технологияларын өнүктүрүүнүн жаңы бөлүгүн ачат турганын айтты.

«Улуттук санариптик экосистеманын платформасы катары MEGA концепциясы санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана улуттук экосистеманын натыйжалуу иштеши үчүн байланышты камсыз кылууга көмөктөшүүчү бирдиктүү жана туруктуу инфраструктураны түзүү болуп саналат. Болгон ресурастары менен эки ири компаниянын биригүүсү аларды ыңгайлуу, тез жана жеткиликтүү инновациялык чечимдер түрүндө ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ишкерлерге ыңгайлуу болуш үчүн атайын сервистерди жана жекелештирилген продукттарды иштеп чыгууда ири маалыматтарды талдоонун келечегин жана потенциалын өзгөчө белгилеп кетким келет», - деп белгиледи Айбек Куренкеев.

Мындан тышкары, иш-чарада ишкерлер үчүн ал чакан жана орто бизнес менен иштегендер үчүн алмашкыс жардамчы жана ишенимдүү курал боло турган жаңы мобилдик тиркеменин иштелип чыкканы тууралуу жарыяланды.

Мастермайнд сессиясында эки компаниянын долбоордук кеңсесинин командалары журналисттер менен биргеликте продукттун аталышы, потенциалдуу демилгелер жана кызматташуунун өсүү түйүндөрү боюнча стратегиялашты.

Презентациянын аягында эки компаниянын топ-менеджерлери кардарлар менен биргеликте санариптик дүйнөдө чечимдерди түзүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилөө менен мобилдик тиркеменин жана долбоордун мыкты аталышы боюнча сынак жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан