"Керемет Банк" кардарларды тейлөө тармагын кеңейтүүдө

15-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылында «Керемет Банк» ачык акционердик коомунун Сактык кассасы менен байланышкан салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Жаңы тейлөө түйүнүн ачуу аземине Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Султанов, түзүмдүк бөлүмдүн начальниктери жана каржы мекемесинин кызматкерлери, Кыргыз Республикасынун Улуттук банкынын облустук башкармалыгынын начальниги Каныбек Монуев, Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Адилет Дюшембиев, райондук администрациясынын каржы бөлүмүнүн начальниги Нурлан Аалиев, Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жекшенбек Кыдыев, «Керемет Банк» ардагери Рыскан Алиева, ишкер Камбарбек Токтогонов, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.

Жети-Өгүз районунун тургундарын тейлөө максатында жаңы сактык кассасын ачуу менен «Керемет Банк» ААК дагы бир ирет кардарларга жакындоого умтулуп жаткандыгын айгинелөө менен иш-чарага катышуу үчүн келген адамдарга банктын кайсы өндүрүмдөрү менен кызматтарынан пайдаланууга болору тууралуу айтып берүү аракетин көрдү.

«Керемет Банк» учурда өлкөнүн бардык региондорунда иш алып барат жана 30дан ашык тейлөө түйүндөрүнө ээ. Аталган түйүндөрдө банк өндүрүмдөрүнүн бардык спектрлерин жана кызматтарын пайдаланууга болот; алыш-бериш эсептерин ачууга жана тейлөөгө, депозиттерди жайгаштырууга, эмгек акы, ар кыл насыяларды, банктык карталарды алууга, чет мамлекетке же өлкө ичине акча которууга, мобилдүү жана интернет-банкингди туташтырууга, контракттарды банктык коштоого ж.б.у.с.

«Керемет Банктын» тейлөө тармагы туралуу https://keremetbank.kg расмий сайтынан кеңири таанышууга болот, ошондой эле төмөнкү телефондор аркылуу дагы сурап-билүүгө болот (996 312) 55 44 44 же е-mail – call-center@keremetbank.kg.

КРУБдун №049 лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан