"Керемет Банк" пенсиялык аманат боюнча акциянын жыйынтыгы менен баалуу белектерди тапшырууда

«Керемет Банк» ААКда 20-декабрда «Пенсиялык сактык» аманаты боюнча эң активдүү катышуучулар сыйланды.

«Керемет Банк» ААК төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Руслан Султанов баалуу белектерди тапшырып жатып, финансы мекемеси улуу муундун өкүлдөрүн баалай тургандыктарын жана алар үчүн атайын «Пенсиялык сактык» аманаты иштелип чыккандыгын белгилеп өттү.

Өз кезегинде сыйлуу белектердин ээлери «Керемет Банк» жамаатына ыраазычылык билдиришип, банктык өндүрүмдөрдү жана кызматтарды кубануу менен колдонушары, ошондой эле бул өңдүү белектер аларга жагымдуу маанай тартуулай тургандыктары тууралуу билдиришти.

Пенсия алып жатышкан жеке жактар – Кыргызстандын резиденттери үчүн акция 2023-жылдын 1-августунан тартып 31-октябрына чейин өткөрүлгөн. Оюнга катышуу үчүн алар финансы мекемесине «Пенсиялык сактык» аманат шарты менен акча каражатын жайгаштыруулары керек болгон. Акциянын бардык катышуучулары банктын логотиби көчүрүлүп сайылган плед-одеял белекке алышкан.

Ал эми башкалардан айырмаланышкан аманатчылар ноутбук, телевизор, робот-чаң соргуч өңдүү баалуу белектер үчүн ат салышкан жана алардын ичинен төмөндө көрсөтүлгөн жети киши комиссия тарабынан жеңүүчү деп табылган.

Аманаттар жөнүндө «Керемет Банктын» https://keremetbank.kg расмий сайтынан, ошондой эле эле 0 (996 312) 55 44 44 телефон номуру же– call-center@keremetbank.kg е-mail почтасы аркылуу сурап билүүгө болот.

КРУБдун 049 лицензиясы

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан