Мобилдик банк чөнтөктө. "Компаньон" тиркемеси финансылык маселелерди кантип чечет?

Азыр акча которуу, депозит ачуу, коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн банктын филиалына жана почта бөлүмүнө баруунун кереги жок. Бүгүнкү күнү бардык финансылык операцияларды өзүӊүздүн смарфондогу мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүүгө болот.

Заманбап санариптик технологиялардын пайда болушу жана алардын банк секторуна кеӊири таралышы менен көптөгөн финансылык иштерди банктын кеӊсесине келбей онлайн бүтүрүүгө мүмкүн болуп калды. Ал үчүн өзүӊүздүн смартфондо мобилдик тиркеменин болушу жана анын идентификацияланган колдонуучусу болуу жетиштүү.

Кеӊири функциялар – адамга маанилүү иштерден алаксыбай жана убакытты үнөмдөө менен көптөгөн күндөлүк иштерди чечүүгө мүмкүндүк берген дагы бир маанилүү шарт. Ыӊгайлуу продукттар жана сервистер күнү-түнү колдонууга жеткиликтүү болгон «Компаньон» мобилдик тиркемеси банк кызматтар дүйнөсүндө ушундай ыӊгайлуу, колдонууга жеӊил жана эч алмаштыргыс өткөргүч боло алат.

Коммуналдык кызматтарды төлөөну унутуӊузбу? Үйдө интернет бүтүп калдыбы? Ата-энелер чатында бала бакчадагы жаӊы жылдык майрамга даярданууну эске салыштыбы? Жашоодо ыкчам аракетти талап кылган, бирок мүмкүнчүлүк, убакыт, балким накталай акча дагы дайыма жетише бербеген кырдаалдар көп болот. «Компаньон» мобилдик тиркемеси – бул өзүнө мобилдик банкинг менен электрондук капчыктын мүмкүнчүлүгүн айкалыштырган смартфондогу универсалдуу инструмент. Ал аркылуу коммуналдык кызматтар, интернет, телекөрсөтүү, уюлдук байланыш, окуу, жол кире, мамлекеттик жана банк кызматтарын кошкондо бардык товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү көз ирмемде аткарууга болот. Эгерде дүкөндө же кафеде QR-код аркылуу төлөм кабыл алынса, анда мобилдик тиркемеде сканерлөөгө жана төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бар.

«Компаньон» мобилдик тиркемесинин жардамы менен дагы кандай банк операцияларын жүргүзүүгө болот?

  • Тиркеме аркылуу күнү-түнү өлкө ичинде гана эмес, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Молдовага акча которууга болот. Анын ичинде, CберБанк онлайн аркылуу да которууларды ыӊгайлуу курс менен алууга жана жөнөтүүгө мүмкүндүк бар.
  • Тиркемеден ыкчам онлайн-кредит алууга болот – өтүнмө берүүдөн тартып, акчаны которууга чейин 5 мүнөттөн ашпаган убакыт кетет. Ал эми насыяны төгүү үчүн атайын банк бөлүмүнө баруунун кереги жок – аны дагы тиркемеден төлөй аласыз;
  • Тиркемеден пайдалуу пайыздык чендер менен онлайн-депозиттерди ачууга жана толуктоого мүмкүнчүлүк бар. Мисалы жылдык 16% чейинки жогорулатылган чен боюнча сом менен депозит ачууга болот. Бардык аманттар боюнча толук маалыматтын дайыма колуӊузда болушу дагы абдан ыӊгайлуу.

Компаньон Банктын төлөм карталарындагы акчаны өлкөнүн бардык банкоматтарынан же Компаньон Банктын агенттеринен АКЫСЫЗ чыгарып алууга болот. Ал эми мобилдик тиркемени дээрлик бардык терминалдар менен электрондук капчыктардан комиссиясыз толуктай аласыздар.

Ошентип соӊунда дагы бир жагымдуу жаӊылык бар! Компаньон Банк бардык кардарлары үчүн «Компаньондон 2 миллион» акциясын жүргүзүп жатат. Анын шарттарына ылайык, өзүнүн рефералдык шилтемеси боюнча жаӊы колдонуучуларды эӊ көп тарткан жеӊүүчү 1 000 000 сом алат. Ал эми экинчи миллион «Компаньон» тиркемесинде эӊ көп операцияларды жүргүзгөн эӊ активдүү колдонуучуга ыйгарылат. Акциянын шарттары жөнүндө толугураак ушул шилтемеден биле аласыздар.

Компаньон» мобилдик тиркемесин Google Play же AppStore аркылуу көчүрүп алгыла жана ыӊгайлуу сервисти колдонгула!




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан