ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2023: Белгилүүлөрдүн быйылкы жылдагы өзгөчө образдары (фото)

Тектеш кабарлар: ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2023 (5 материал)

Мына ошентип саналуу күндөрдөн кийин Жаңы жыл. 2023-жылды узатуу алдында SUPER.KG порталы белгилүү инсандардын бул жылдагы өзгөчө образдарына саресеп салды.

Адамга көрк берип туруучу бул кийим, ошол эле учурда туура тандалган образ адамды сымбаттуу, келишимдүү көрсөтөт. Көпчүлүгүбүз өзгөчө кийимдерди кийүүнү каалайбыз, анткен менен жөнөкөй, көзгө урунбаган кийимдерди жактыргандар дагы бар. Ар бир адамдын табити ар башка болот эмеспи. Быйылкы жылдагы эл адамдары кийип чыккан өзгөчө образдардын айрымдарына токтолуп өтөлү. Анда кеп башынан болсун...

Көпчүлүктүн көңүлүнө толгон образдардын бири өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарова кийген айгүл гүлүнүн сүрөтү түшүрүлгөн ак көйнөк болду. Мындай көйнөктү биринчи айым Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Уильям Шекспирдин “Ромео Джульетта” спектаклине кийип барган.

Өзгөчө образдардын дагы бири “Кыргызстан сулуусу-2021” сынагынын жеңүүчүсү Алтынай Ботоярованын “Аалам сулуусу-2023” сынагында кийген көйнөгү. Дүйнөлүк конкурста кийип чыккан образы үчүн Ботоярова коомчулуктун сынына да кабылган. Ал эми ал аталган көйнөк менен аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы экенин көрсөткүсү келгенин айткан болчу.

Ар дайым өзгөчө образдагы көйнөктөрдү тандаган ырчы Айгерим Расул кызы быйылкы жылы дагы күйөрмандарын суктандырды. Ырчы айымдын бул жылдагы өзгөчө образдарынын катарын толуктаган мультфильм каармандарынын образындагы көйнөктөрү болду десек жаңылышпайбыз.

Өзгөчө көйнөктөрдү кийген айымдардын катарында коомдук ишмер Ассоль Молдокматова дагы бар. Ал ар дайым башкаларга окшобогон табити менен таң калтырып келет. Бул айым ачык түстөгү көйнөктөрдү жарашыктуу кийгени менен өзгөчөлөнөт.

Шоу бизнес тармагында ар дайым шаңдуу жүргөн айымдардын катарында ырчы Кызсайкал Кабылова дагы бар. Кабылова ушул жылы жеке концертин элге тартуулаган, аталган концертте кийген көйнөктөрү көпчүлүктүн көңүл чордонунда калды десек болот.

Маданият өкүлдөрүндө мыкты образ, өзгөчө костюмдарды кийип жүргөн мырзалар дагы жок эмес. Алардын бири Сагын Эргешов. Ырчы мырзанын жакында өткөн концертиндеги образдарын өзгөчө деп айта кетпесек болбос...

Эл сүйүп уккан чыгармаларды жараткан ырчы айым Гүлназ Чыныбек кызы дагы ар дайым өзгөчө образдары менен көпчүлүктү суктандырып келет. Ырчы айым УТРКнын "Музыка" телеканалынын "Жыл жыйынтыгы-2023" иш-чарасынын сыйлык тапшыруу аземиндеги кийген образын дагы айтып өтөлү.

Өзгөчө образдарды жактырган ырчылардын сап башында ырчы Каныкей турат десек туура болот. Ырчы айымдын көйнөктөрүнө дагы көз чаптырып өтөлү. Каныкейдин этно стилинде тигилген бул көйнөгү дагы өзгөчө образдардын катарында.

Спортчу Айсулуу Тыныбекова кыргызча көйнөк кийип, сүрөткө түшкөнү бул жылдын өзгөчө образы десек болот. Мындай сүрөтүн жарыялагандан кийин спортчу кызга күйөрмандары жакшы тилектерин калтырышкан. Баса, Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюму тарабынан кыз-келиндер күрөшү боюнча "2023-жылдын мыкты балбаны" аталды.

Чыгармачылыкта башкаларга окшобогон клиптери менен айырмаланган ырчылардын катарында Айдана Дека дагы бар. Ырчы айымдын бул образы дагы өзгөлөргө окшобогон өзгөчө образдардын катарын толуктады десек болот.

Өзгөчөлүктү жактырган мырзалардын катарын Курал Чокоев дагы толуктайт. Ырчы мырза өзгөлөргө окшобогон ырлары, образдары, үнү менен башкалардан айырмаланып турат десек туура болот. Анын бул жылдагы өзгөчө образы "Эгиз тумар" сынагында кийип чыккан костюму болду.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан