Жаңы жыл алдындагы күндөр жылуу каалоо-тилектердин, жагымдуу белектердин жана сонун көз ирмемдердин мезгили. Beeline уюлдук оператору кыргызстандыктар үчүн майрамдык маанай тартуулоо үчүн өзгөчө сюрприз даярдады.
Өтүп жаткан жылдын акыркы жумасында Аяз Ата менен Аяз кыздын коштоосунда «Жаңы жылдык Beeline экспресс» – жарашыктуу фудтрак өз ишин баштады. 25-29-декабрга чейин ал өлкөнүн бир нече шаарларында болуп, ар кайсы жерлерге токтойт. «Жаңы жылдык Beeline экспресс» балдарды жана чоңдорду даамдуу тамактар, ысык чай жана сыйкырдуу атмосфера менен кубантат.
«Жаңы жылдык Beeline эксперссти» өз шаарыңызда тосуп алыңыз:
Толук маалымат Instagram социалдык тармагындагы компаниянын @beeline_kyrgyzstan баракчасында учурдагы окуялар («Экспресс») бөлүмүндө жарыяланган.
«Биз Beeline компаниясынын 25 жылдык мааракесине карата жаңы жылдын алдында эки эселенген майрамдык иш-чара менен бир катар иш-чараларды аяктап жатабыз», - деди компаниянын башкы директору Андрей Пятахин. – “Жаңы жылдык Beeline экспресс” – бул элди бириктирген, жакшы маанайды жана боорукерликти тартуулаган абдан мээримдүү демилге. Бизди өз шаарыңызда күтүп алыңыз, биз бул сыйкырдуу майрамды сиз менен бөлүшүүгө кубанычтабыз!»
Beeline: ар бирибиз үчүн 25 жылдык мүмкүнчүлүк!