Кочкор жана Жети-Өгүз райондорунда тигүү цехтери ачылды (видео)

14-15-декабрда Кочкор жана Жети-Өгүз районунда жаш лидерлерди жана ишкерлерди колдоо, алыскы айыл жергесиндеги жумушсуздукту жана ички миграцияны жоюу максатында FSDS коомдук фонду тарабынан уюштурулган долбоордун алкагында өнүгүп жаткан чакан тигүү цехтеринин ачылышы болуп өттү.

Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик жана FSDS коомдук фондунун мүчөлөрү катышты.

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында жолдошу менен тигүү цехин иштетип жаткан Гүлмира Сулайманова FSDS коомдук фондунун көмөгү менен бир катар ийгиликтерге жеткени тууралуу айтты. Өз кезегинде Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы жеке ишкерлерге колдон келген жардамды берип, колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин билдирди.

Жергиликтүү бийликтин жана FSDS коомдук фондунун жардамы менен чакан бизнесин өнүктүрүп жаткан Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң жана Дархан айылынын тургундары бул саамалык айыл тургундарына өтө пайдалуу болуп жатканын бир ооздон айтышты.

Дархан айылынын башчысы жергиликтүү бийлик жана коомдук фонд тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканы жеке ишкерлерге стимул болуп жатканын баса белгиледи.

Эске салсак, FSDS коомдук фонду өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында айыл өкмөттөр менен биргеликте демилгелүү топтор менен иш алып барып, ар кандай долбоорлорду ишке ашырып, жергиликтүү жаш ишкерлерге колдоо көрсөтүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан