"Элкарт" улуттук картасында кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Адис жооп берет

Каныкей Жолучуевна, “Банктар аралык процессинг борборунун” иши, жаңы долбоорлору, алдыга койгон милдет, максаттары тууралуу айтып берсеңиз?

- “Банктар аралык процессинг борбору” быйыл өзүнүн позициясын бекемдеп, Кыргызстандын финансы секторунда инновациялык продуктуларды өнүктүрүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатат деп ишенимдүү айта алам. Биз процессинг борбор "Элкарт" улуттук төлөм системасынын оператору катары төлөмдөрдү жүргүзүүнүн туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн гана камсыздабастан, республикадагы негизги аткаруучулардын бири жана улуттук масштабдагы маанилүү долбоорлордун активдүү катышуучусу болуп саналабыз.

Өтүп бара жаткан жылда "Банктар аралык процессинг борборундагы” маанилүү окуялардын бири - Түштүк Кореянын карта индустриясындагы алдыңкы компаниянын өкүлчүлүгү BC Card Kyrgyzstan’‎дын Бишкекте ачылганы деп белгилей алам.

Ошондой эле Монголия банкы менен меморандумга кол коюлгандыгын белгилеп кетким келет. Бул биздин өлкөнүн финансы секторунда санариптик трансформациялоону жүргүзүү үчүн кызматташтыкты орнотуу максатын көздөйт.

- "Элкарт" төлөм карталарынын Кыргызстандын рыногундагы көрсөткүчтөрү кандай?

«Элкарт» карталары өлкөдө жогорку суроо-талапка ээ деп айтсак болот. Анткени төлөм карталарынын санына караганда «Элкарт» алдыңкы орунду ээлейт– 3,2 миллиондон ашык карт, бул 50,8% түзөт.

- "Элкарт" карталары боюнча Бишкек шаары лидер деп айтсак болот. Баш калаада 905 миңден ашык карта бар, экинчи орунду 304 миң карта менен Чүй облусу ээлейт, андан ары 257 миң картадан жогору Ысык-Көл облусу, Нарын 167 миңден ашык карт, Талас 119 миңге жакын карт жана андан ары Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары жайгашкан.

- "Элкарт" улуттук картасында кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

- "Элкарт" карталары - накталай эмес эсептешүүлөр үчүн жеткиликтүү жана коопсуз. Анда төмөнкү кызматтар камтылган:

  • "Контакт" жана (CARDEX)банкоматтары аркыуу картадан картага акча которуу.
  • "Элкарт" картасы менен төлөөдө арзандатуулар;
  • Овердрафт алуу мүмкүнчүлүгү;
  • Чет өлкөгө саякаттоодо мультивалюталык карта абдан ыңгайлуу;

«Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесинин жардамы менен бардык “Элкарт” карталарын (кайсы банк тарабынан чыгарылганына карабастан) байланыштырып, картанын номери, телефон номери жана QR кодун колдонуу менен картадан картага бекер жана заматта акча которо аласыз. Сиз ошондой эле картадагы акча каражаттарынын агымын көзөмөлдөп, 250дөн ашык кызмат үчүн комиссиясыз төлөмдөрдү аткарууга болот.

- 2023-жылга "Элкарт"картасы боюнча жаңылануулар болдубу?

- Биз "Элкарт" брендинин дизайнын “Ачыктык, Биримдик, Жетишкендик” деген ураан менен кайра жасадык. Бул жөн гана ээн белгини өзгөртүү эмес, концепциянын стратегиялык инновациясын, улуттук брендди да камтыйт.

Тоолор – Кыргызстандын руханий жана табигый өзгөчөлүгүнүн ажырагыс бөлүгү катары терең мааниге ээ болгон символикалык элес. Үч аска түрүндөгү визуалдык бөлүк биздин Кыргызстандын улуу тоолору: Жеңиш чокусу, Ленин чокусу жана Хан – Тенгри чокусу өзүнчө мааниге ээ болуп, өзүнүн өзгөчө образ, руханий жана табигый иденттүүлүктүн бир бөлүгү чагылдырылат. Логотипте Кыргыз маданиятынын өзгөчөлүгү түшүрүлүп, асман, көк түс жана анын көлөкөлөрү мөңгүнүн элесин чагылдырып, тазалыктын символу, өмүр булагы катары сүрөттөлөт.

Мындан тышкары, "Элкарт" карталарын 3D-secure технологиясына кошуу боюнча иштерди жүргүздүк. Visa бул төлөм системасы тарабынан иштелип чыккан уникалдуу технология. Бул технология төлөм карталарын колдонууда онлайн алдамчылыктын деңгээлин азайтууга мүмкүндүк берет жана коопсуздукту жогорулатат.

2023-жылдын август айынан баштап Бишкек шаарында коомдук транспорго "Элкарт" картасы менен төлөөгө шарт түзүлүп, шаардыктар жана коноктор үчүн ыңгайлуулук жаралды.

Ошондой эле, биздин мобилдик "Элкарт Мобайл" тиркемесинде "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмүндө "Тулпар"карталарын комиссиясыз толуктоо мүмкүнчүлүк бар. Мындан тышкары август айынан баштап. кээ бир коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелеринде Android платформасынын жардамы менен контактсыз төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн “Элкарт Pay” функциясы киргизилди.

“Элкарт” карталарын "Россия почтасынын" филиалдарында толуктоо мүмкүнчүлүгү ачылды. Бул кадам Россия Федерациясында иштеген мекендештерибиз үчүн которууларды жана төлөмдөрдү аткаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатты.

«Элкарт Мобайл» жана «Элкарт Трейд», тиркемелеринде жаңы кызматтар өркүндөтүлүп, ишке киргизилүүдө, анын артанда колдонуучулардын саны өсүүдө.

- Коопсуздук жагы кандай кепилденет жана кайсы операцияларды "Элкарт"менен жасоого болот?

"МПЦ" ЖАКда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо эл аралык деңгээлде таанылган PCI DSS (Payment Card Industry Data Security Standard, англ. "төлөм карталары индустриясынын коопсуздук стандарты"), PCI PIN Security, PCI 3DS,

пластикалык төлөм карталарынын коопсуздук стандарттары боюнча Кеңеш тарабынан иштелип чыккан (PCI SSC). Бул кеңеш эл аралык төлөм системалары тарабынан бекитилген. Visa, MasterCard, American Express, JCB и Discover.

Азыркы учурда биздин мекеме, Кыргыз Республикасында ийгиликтүү иштегени үчүн жыл сайын сертификатталган, коопсуздук жагы эл аралык талаптарга жооп берген, маалыматтык коопсуздук жагынан дүйнөнүн алдыңкы практикаларына шайкеш келген компаниялардын бири.

- Банк системасы эмнени үйрөтөт?

- Банк тармагынын өзү катаал жана чоң жоопкерчиликтүүлүккө, көп нерсени өздөштүрүүгө жол ача турган мектеп. Бул өзүн-өзү тарбиялоо жана тактык мектеби. Анткени бул тармакта иштеген ар бир адам өз ишинин ар бир этабында жогорку жоопкерчилик турганын түшүнүшү керек.

- Каныкей Жолучуевна, албетте, ар бир жетишкендик, коюлган максаттарга жетүүдө эң маанилүү ресурс - Адам. Келиңиз ЖАК "МПЦ" командасы тууралуу сүйлөшөлү.

- Биз баарыбыз командалык иш - иштин жана тапшырмалардын бүтүндөй тизмегинин, натыйжалуулуктун, ийгиликтин ачкычы экенин түшүнөбүз. МПЦда өз ишинин чыныгы профессионалдары, күчтүү адамдар иштешет. Алардын баары бир багытты көздөгөн пикирлештер. Биздин командада 150дөн ашык кызматкер бар жана алардын ар бири менен абдан сыймыктанам.

- Аял - жетекчи болуу оңой болбосо керек?

- Оңой эмес. Бирок менимче, азыркы аял жетекчи мырза жетекчиден кем калышпайт. Мүмкүн аялдар айрым жумушчуларга сабырдуураак мамиле кылышат, балким, аялдар ийкемдүү жана дипломат. Бирок эң негизгиси – үй-бүлө менен жумуштун ортосундагы тең салмактуулукту сактоону унутпашыбыз керек.

–Үй-бүлөңүз жумушуңузга колдоо көрсөтөбү? Бош убакытта эмне менен алек болосуз?

- Ооба, үй-бүлөм, жакындарым менин кесиптик жолумда дайым колдоп келишет. Бул үчүн мен аларга ыраазымын. 24/7 тартибинде иштеп, бош убакыт дээрлик жок, бирок убакыт чыгып калса эле аны албетте, үй-бүлөмө арнайм. Биз негизинен активдүү эс алууну жакшы көрөбүз, ага шарт болбой калган учурда үй-бүлөм үчүн даамдуу тамак даярдайм.

-Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Кыргызстандыктарга жаңы жылга кандай тилектериңиз бар?

- Бул эң сыйкырдуу жана эң сонун майрам болсо керек. Аны чоңдор да, балдар да чыдамсыздык менен күтүшөт. Келе жаткан 2024-жыл мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүшүн алып келсин. Ар бир үйдө бакубатчылык, жылуулук жана ынтымак болсун. 2024-жыл ар бир кыргызстандык үчүн бакыт, ден соолук жана ийгилик болсун!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан