Жылнаама: 18-декабрь. КРнын ЖКсынын жыйынында мамлекеттик гимн кабыл алынган.

* 1919-жылы (94 жыл мурун) Түркстан иштери боюнча Бүткүл Орусиялык Борбордук Аткаруу комитети Кемел Шабдановго дипломатиялык курьер күбөлүгүн берген.

1973-жылы (40 жыл мурун) орусиялык муз үстүндөгү бийчи жана машыктыруучу Илья Авербух Москва шаарында төрөлгөн. Ал муз үстүндө бийлөө боюнча жуптукта Марина Анисина менен жаштар арасында 2 ирет Дүйнө чемпиону аталса (1990, 1992), Ирина Лобачёва менен «Солт-Лейк-Сити-2002» Кышкы Олимпиадалык оюндарында күмүш медаль тагынган. Ошондой эле Ирина менен Дүйнө чемпиондугун (2002), Европа чемпиондугун (2003) жана үч ирет Орусиянын чемпиондугун уткан (1997, 2000, 2002).

1980-жылы (33 жыл мурун) поп ырчы Кристина Агилера туулган.

* 1986-жылы (27 жыл мурун) партиялык диктатка каршы көтөрүлгөн казак жаштары Алматы шаарынын Борбордук аянтындагы стихиялуу митингди улантышкан.  

* 1992-жылы (21 жыл мурун) КРнын ЖКсынын жыйынында мамлекеттик гимн кабыл алынган. Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген.Сөзү Жалил Садыков менен Шабданбай Кулуевге, ал эми музыкасы Насыр Давлесов жана Калый Молдобасановго таандык.

* 2001-жылы (12 жыл мурун) белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев көз жумган. Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл артисти, көптөгөн сыйлыктардын ээси, таланттуу режиссёр Төлөмүш Океев (“Кызыл алма”, “Ак илбирстин тукуму”, “Сүйүү закымы” тасмаларын тарткан) Анкара шаарында оорудан көз жумган. Ал 1935-жылы 11-сентябрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу азыркы Тоң районундагы Бөкөнбаев кыштагында туулган.

* 2006-жылы (7 жыл мурун) Жогорку окуу жайлардын программасына Манас таануу милдеттүү сабагы киргизилген.

* 2011-жылы (2 жыл мурун) Ирактын аймагынан АКШнын аскерлери толугу менен чыгарылган

Жылнаама толугу менен бул жерде...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан