ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ: Бири акча таратмакчы болсо, экинчиси көзүнө жаш алып. Шоу-бизнестеги элдин эсинде калган "хайптар"

Тектеш кабарлар: ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2023 (5 материал)

Коён жылын узатып жатып, жыл ичинде орун алган кайгылуу да, күлкүлүү да, чуулгандуу окуяларды, хайптарды эске алууну чечтик. Бул ирет чуулгандуу окуялары, хайптары менен коомдун кызуу талкуусунда болгон маданият өкүлдөрүн тизмектейбиз.

2023-ЖЫЛДЫН БАШЫНДАГЫ ХАЙПТЫ КАЙРАТ КЫРГЫЗ ЖАРАТТЫ

2-январда ырчы Кайрат Кыргыз социалдык тармактагы баракчасына жылаңач түшкөн сүрөтүн жүктөп талкуу чордонунда калды. Ырчы мырза Ысык-Көлдө түшкөн сүрөтүнүн алдына "1-январь болгон күнү эле көлдү сагына беремин да. Жай батыраак келсе экен деп, сүрөттөрдү карай берем", - деп билдирүү жазган.

Көп өтпөй ал жылаңач сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасынан өчүрүп салган. Ырчы муну туура эмес басып алганы менен түшүндүргөн.

"374000 көрүү топтоду. Эртеңкиге чейин турганда 7000 000 чейин жетмек экен. Жакшы сүрөт киргизсем ойлонбойсуңар! Залкарларды мактап, колдоп жазгыла десем унчукпайсыңар! Анан жөн эле көлдө түшүп койгон сүрөттү талкуулайсыңар! Демек, көргүңөр келет!

Өзүңөр мынчалык жаман комментарий жазасыңар. Бирок силер жасаган жаман ишти жасабайм! Диндегилер жаман айтпа деп коюп, ашмалтай жазасыңар!

Билгиңер келсе сүрөт жамандарга арналган болчу! Сөз ээсин табат!", - деп жазган ырчы.

БИШКЕКТЕ КЫЗДАР МЕНЕН МУШТАША КЕТКЕН МОДЕЛЬ

Социалдык тармактарда Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанында мушташа кеткен кыздардын видеосу талкууга алынган. Ага катышкандардын бири модель Сусанна Егорян болгону айтылган.

Модель социалдык тармактагы баракчасына окуя боюнча түшүндүрмө берип, ал спортчу кыздар менен эс алып жүргөнүн айткан. Аталган окуя боюнча Ленин РИИБине маалымат түшүп, иш тергөөгө өткөн.

Эске салсак, Сусанна Егорян 2017-жылы Ливандын борбору Бейрут шаарында өткөн “World Next Top Model” сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан катышары маалымдалган. Бирок сынак учурунда модель кыз сахнага Армениянын лентасы менен чыгып, коомчулуктун чоң талкуусуна калган.

"АЛА-ТОО" АЯНТЫНДА 100 МИҢ СОМ ТАРАТМАКЧЫ БОЛГОН БЛОГЕР

Казакстандагы белгилүү "Бир болайык" теле-шоусу аркылуу таанышып, түтүн булаткан түгөйлөр Арген Асанов менен Аружан Бекешова социалдык тармакта гив ойнотуп жатканы белгилүү болгон. Алар 26-августта саат 18:00дө "Ала-Тоо" аянтында элге 100 миң сомду таратып бермекчи болушкан. Бирок аянтка көп адам чогулуп, ызы-чуу болуп кеткендиктен милиция кызматкерлери Арген Асановду кармап кеткен.

Кийин блогерге массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу эрежелерин бузган деп 7500 сом айып салынган.

МИКРОФОНДУ ӨЧҮРҮП САЛДЫ ДЕП КӨЗҮНӨ ЖАШ АЛГАН ГҮЛЗАТ МАМЫТБЕК

Күз айында блогер Гүлзат Мамытбек социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуу жасап, иш-чарада сүйлөп жатканда уюштуруучулар анын микрофонун өчүрүп салышканын айтып, көзүнө жаш алган. Анда ал уюштуруучу катары алып баруучулар Санжар Мыкыев менен Нурсултан Майназаровду күнөөлөгөн.

20-сентябрда окуя боюнча Санжар Мыкыев да кайрылуу жасап, ал Гүлзат Мамытбекке унчукпай чыдап келгенин, бирок ал калп айтканда аргасыз кайрылуу жасап жатканын билдирген. Өз сөзүндө Мыкыев Гүлзат Мамытбекти сотко бере тургандыгын кошумчалаган.

Көп өтпөй Гүлзат Мамытбек алардан кечирим сураган.

УЛУУ МУУНДАГЫ АЙЫМ ДЕП... СЫНГА КАБЫЛГАН АЙГЕРИМ РАСУЛ КЫЗЫ

Эстрада ырчысы Айгерим Расул кызы Сочиде өткөн "Дүйнө айымы" сынагына катышып, баш байгени багындырган.

Сынактан кийин социалдык тармактын колдонуучулары Айгерим Расул кызы катышкан конкурска көпчүлүк улуу муундагы айымдар катышканын жазышкан.

Өз кезегинде ырчы аларга социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берген. Айтымында сынак 3 категория менен өткөн.

"Менин ийгилигиме сүйүнгөндөр канчалык көп болсо, ичи күйүп өрттөнгөндөр дагы ошончолук көп болууда. Арабызда акылы кем адамдар көп экени өкүндүрөт, же атайын көрө албастыктан, ичи тардыктан эмне кылышын билбей, ар нерсени токуп, өздөрүн ошентип сооротушабы?

LADY WORLD конкурсу 3 категорияга бөлүнөт жана ар категорияда ар башка титул:
1. “LADY WORLD” эң башкы, 20-40 жашка чейин - бул менин категориям;
2. “QUEEN WORLD” 40-50 жашка чейин;
3. “GRAND WORLD” 50 жаштан өйдө", - деп жазган Айгерим Расул кызы.

"КАРА КЫЗДЫН" КОНЦЕРТИНЕ КИРГИЗИЛБЕГЕН БИРЖАН

25-26-сентябрда ырчы Нурайым Акылбекова Бишкекте жеке концертин өткөргөн. Концертке казак ырчысы Биржан Байболду киргизбей койгон видео коомчулукка тарап кызуу талкууга алынган.

Биржан Байбол кучак толо гүл алып, элечек кийген апа менен барган. Бирок күзөт кызматкерлери залга казак ырчысын киргизбей, чыгарып салышкан.

Көп өтпөй окуя боюнча ырчы кыз жооп берип, алдыда дагы кенен айтып берерин белгилеген.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан