Аба ырайы, 18-декабрь: Кыргызстанда кар жаашы күтүлөт

18-декабрда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -13°C 

Талас облусу. Күндүз -8°C, түнкүсүн -14°C 

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз -5°C, түнкүсүн -8°C 

Баткен облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -9°C 

Ысык-Көл облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -5°C 

Нарын облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -20°C 

Бишкек шаары. Күндүз -3°C, түнкүсүн -11°C 

Эскертүү! 17-20-декабрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100-км) унаа жолдорунда кар көчкүсү түшүүсү күтүлөт. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан