"Керемет Банк" ААК Кеңеш айылындагы бокс залына демөөрчүлүк иретинде жардам көрсөттү

«Керемет Банк» Ачык акционердик коому Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылындагы бокс залына демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

2023-жылдын 28-декабрында банк кызматкерлери спорт мекемесине медбол, машыгуу учурунда кийилүүчү формалардын комплектиси, боксёрдук лапалар, спорттук канаттар, боксёрдук бинттер, спорттук резина жгуттары, атлетикалык штангалар, олимпиялык грифтер, штангалар үчүн блиндерди белек кылуу менен бирге жаңыдан машыгып башташкан боксчулардын ар бирине ар кандай белек-бечкектерди тапшырышты.

Бокс залы эки жыл мурда спорт чебери, машыктыруучу Эрмек Сакеновдун жеке демилгесинин негизинде ачылган. Машыгуу үчүн бул жерге Кеңеш айылынын балдары келишет жана алардын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары дагы бар. Жетекчинин айтуусу караганда мындай машыгуулар бир гана спорттук даярдык үчүн эмес, өсүп келе жаткан жаш муундарга туура тарбия берүү үчүн зарыл. Учурда бокс менен машыгып жатышкан балдардын айрымдары ар кыл деңгээлдеги мелдештерге катышып, спорттук ийгиликтерди көрсөтүшүүдө.


Белгилей кетчү нерсе, «Керемет Банк» спорттун эл аралык аренадагы ролун жакшы түшүнөт жана спорттук иш-чараларга биринчи жолу колдоо көрсөтүп жаткан жери жок. 2024-жылы дагы банк демөөрчүлүк жана кайрымдуулук иштерин улантып, спорт менен катар эле өсүп келе жаткан жаш балдарга колдон келген жардамын көрсөтүп турмакчы.

«Керемет Банк» жөнүндө https://keremetbank.kg расмий сайтынан, ошондой эле эле 0 (996 312) 55 44 44 телефон номуру же– call-center@keremetbank.kg е-mail почтасы аркылуу сурап билүүгө болот.

КРУБдун 049 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан