"Умай Групп" - Жаңы Жыл күнү сүйүктүү кардарлары менен. Бизди тандаганыңыз үчүн рахмат!

Өлкөдөгү эң ири чекене сатуучу “Умай Групп” компаниясынын жамааты Кыргызстан элин келе жаткан 2024-жыл менен куттуктайт! Сизге жана сиздин үй-бүлөңүзгө бакубатчылык, жумушта жана бизнесте өсүп-өнүгүү, бакыт-таалай жана чың ден соолук каалайбыз! Келе жаткан жыл позитивдүү эмоцияларды жана каалоолордун аткарылышын алып келсин!

“Умай Групп” 21 жылдан бери ар бир кыргызстандыктын жыргалчылыгы үчүн иштеп келет жана алардын сатып алууларын дагы да пайдалуу, сапаттуу жана ыңгайлуу кылууга умтулат. Узап бара жаткан 2023-жыл да четте калган жок. Жашоочулар сүйгөн Globus, Dostor жана SPAR түйүндөрүнүн дүкөндөрүн бүт өлкө боюнча ачуу иштери уланды. Бул кардарларды колдоо максатында ар дайым жогорку сапатта жана арзан баадагы товарлар жана ыңгайлуу иштөө графиги.

“Умай Групп”, компаниясынын аркасы менен европалык бренддер Кыргызстанга жакындай баштады. Өлкөдө атактуу SPAR тармагынын үч дүкөнү ачылды.

Компания дүкөндөрүнүн текчелерине эң кыска мөөнөттө эң жаңы товарлар гана жетүүсүн камсыз кылууга ар дайым умтулат. Бул көйгөйдү “Умай Групп” компаниясына өзүнүн дистрибьюторлук борборлору жана күнүнө бир нече жолу жаңы жүктөрдү жеткирүүчү орто тонналык жүк ташуучу автопарк жардам берет. Бул система товарларды компания иштеткен бардык дүкөндөргө натыйжалуу жана тез жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

“Умай Групп” баанын көтөрүлүшүн чектөөгө өзгөчө көңүл бурат. Ритейлер азык-түлүк өндүрүүчүлөр менен түздөн-түз келишим түзөт. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча мамлекеттик программаларга активдүү катышат. Мындан тышкары компания кардарларга сапаттуу жана даамдуу нанды арзан баада сатып алуусу үчүн өзүнүн наабайканасын курду.

2024-жылга “Умай Группта” мындан кем эмес амбициялуу пландары бар. Ар бир кыргызстандык үчүн ыңгайлуу убакта, ыңгайлуу сатуу түйүндөрүндө арзан баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн компания өлкөнүн бардык аймактарына жайылуу аракетин улантат.

Бул сатып алуучуларга ыңгайлуулук гана эмес, жаңы жумуш орундары жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү дегенди билдирет.

“Умай Групп” компаниясы бардык кардарларына сатып алууда Globus, «Народный», «Достор» жана SPAR '‎ды тандаганы үчүн ыраазычылык билдирет!

Бул жыл салтанаттуу, боорукер, кубанычтуу жана майрамдарга, соодага, ийгиликке жана жаркын эмоцияларга бай болсун! Ал эми “Умай Групп” дүкөн түйүндөрүндөгү сатып алууларыңызга дайыма канааттанууңуз үчүн колдон келгендин баарын жасайт. Сизди ар дайым рыноктогу эң сонун тейлөө, арзан баалар жана эң жогорку сапаттагы товарлар күтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан