Майрамбек Осмонов: "Чыгармачылыкта дале дыйканмын"

Биздин бул жолку коногубуз Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу, өзгөчө шайыр инсан Майрамбек Осмонов болду. Ал өзүнүн жашоосундагы айрым учурлары, кызыктуу окуялары жана жан дүйнөсүндогү ойлору менен бөлүштү.

"Мен 7-класстан баштап обон жазгам. Жылда "Алас, алас ар балээден калас" деп аянтта ырдалат го, ошону 7-класста жазгам. Талант Кудайдан бериле турган нерсе экен да. Мисалы бир чыгармачылык автобус деп коёлу. Анан ошого жолдон Сокулуктан эле бирөө түшүп алат да, мен деле Кара-Балтага чейин барып алайын депчи. Ошондойлор көп да . Ал өзү Кулундуга чейин бара турган автобус.

Жолдон бирөөнүн жүрөгү айланат, бирөө алыс жолго чыдабайт, чыгармачылык ошондой да. Жолдон-белден кошулгандар жөн эле элди алаксытуу, ал талант эмес. Өзү ким болуп кетиптир деп жазышы мүмкүн, бирок мен өзүм жөнүндө да айтып кеттим, орто заар талантпыз деп. Укмуш таланттардын залкарлары өтүп кетти, эми майдалары калдык да", - дейт Осмонов.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-январда Майрамбек Осмоновдун чыгармачылык кечеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт.

Ал эми маекти толугу менен төмөндөгү шилтемеден көрсөңүз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан