Жол кырсыгына кабылган блогер Аружан Бекешеванын ден соолугунда өзгөрүү бар. Бул тууралуу анын жолдошу, блогер Арген Асанов өзүнүн социалдык тармагында окурмандардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Анда ал өзү дагы учурда дарыланып жатканын кошумчалады.
"Аружандын ден соолугунда өзгөрүү бар. Бирок 3-4 ай баса албайт, буюрса жазга чейин басып калат деген үмүттөмүн. Мен дайыма жанындамын. Мен дагы башымдан, белимден сокку алыптырмын. Мындан улам учурда өзүм дагы дарылап жатам", - деген Арген.