"Ыраазымын". Мирбек Атабеков Мээрим Төлепбергенге Бишкектен үй алып берди

Блогер Мээрим Төлепберген Бишкектен ак өргөөлүү болду. Ал ырчы Мирбек Атабековго ыраазычылыгын билдирип, социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөгөн.

"Жашоодогу бардык кыйынчылыктарга, кырдаалдарга, жакшылыктарга жана эки адамдын эки жол тандаганына карабастан үйлүү болдук. Мирбектин берешендигине ыраазымын. Рахмат сага! Жаңы жыл сонун белек менен башталды", - деп жазды ал.

Эске салсак, Мирбек Атабеков менен Мээрим Төлепберген 2014-жылы баш кошушкан. Жубайлардын ортосунда бир уулу жана 2 кызы бар. 2023-жылы түгөйлөр эки башка жолго түшкөнүн жарыялаган.

Мирбек Атабеков Мээрим Төлепбергенге Бишкектен үй алып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан