Гүлжигит Сатыбеков 44 жашка чыкты. "Кыздарым белектерин берип кубаныч тартуулашты" дейт ырчы

Бүгүн, 9-январда өздүк майрамын дагы бир эмгек сиңирген артист Гүлжигит Сатыбеков да белгилеп жатат. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышканда, майрамдык маанайы менен бөлүшүп, бүгүн эле Орусиядан келгенин айтты.

"Силерге чоң рахмат, кубанычтамын. 44 жашты жакшы тосуп алдым. Москвадан келдим азыр. Үч күндүк концертибиз ийгиликтүү өттү. Баары сонун. Үй-бүлөм менен белгилейбиз. Кыздарым белектерин берип кубанычыма кубаныч тартуулашты. Күйөрмандарыма ийгилик, ден соолук каалайм", - дейт ырчы.

Эскерте кетсек, ырчы 1980 -жылдын дал ушул күнү Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Мукур айылында туулган.

2001-жылы Ош облусундагы Дене тарбия институтун аяктаган. Кийинчерээк юридикалык багытта билим алган.

Анын чоң сахнага болгон кадамы 2006-жылга барып такалат.

Ырларынын сөзү, обону өзүнө таандык. Коомчулукка "Коштошуу", "Лейлектик кызга", “Ошко сапар”, “Балама” "Тико", "А балким", "Мен сенден кетейинчи" ырлары менен таанымал.

Гүлжигит Сатыбековдун "Мен сенден кетейинчи" аттуу ыры "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер ыры" деп табылган.

Ал эми 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.

9-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан