Бүгүн, 9-январда Сакиш атка конгон актриса, куудул Айнура Тургунбаева өздүк майрамын белгилеп жатат. Ал 56 жашка чыкты. Актрисаны өздүк майрамы менен куттуктап байланышканыбызда бул күндү жакындары, бир туугандары менен тосуу үчүн шаардан айылга кеткенин айтты.
"Маанайым абдан сонун. Куттуктап байланышканыңар үчүн силерге чоң рахмат. Кечээ кечинде айылга келгем. Түнү 12ден өткөндө жакындарым куттуктап, жакшы сөздөрүн арнашты. Бүгүн да майрамдык маанайды улантабыз деп турабыз. Бир туугандарым туулган күндү Чуңкурчактан уланталы деп жатат. Буюрса, өздүк майрамымды тоодон чана тээп өткөрүп жатам. Эс алып, чер жазып келгени жатабыз", - дейт актриса.
Театр жана кино актрисасы, өлкөнүн эмгек сиңирген артисти Айнур Тургунбаева 1968 -жылы Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Стрельникова айылында төрөлгөн. Мектепти бүтөрү менен Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырган. Аны аяктаган соң Жаштар театрында иштеп калган.