Beeline’дын мааракелик жылы эмнеси менен эсте калды?

Beeline Кыргызстан үчүн өткөн жыл өзгөчө маанилүү болду. Уюлдук оператор 25 жашка толду жана ал бул кооз датаны абоненттерге гана эмес, бүткүл өлкөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен белгиледи. Кең масштабдуу мааракелик кампаниянын жыйынтыгын чыгарып, Beeline 2023-жылдагы жетишкендиктери менен бөлүштү.

Социалдык-билим берүү долбоорлорунун жылы

Компания билим берүүнү өнүктүрүүгө жана аймактарды санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруу менен активдүү социалдык ишмердүүлүктү жүргүзүүдө. Өзүнүн мааракесине карата Beeline Караколдо бардык каалоочулар үчүн акысыз коворкинг-борборун ачып, аны компьютердик техника жана Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү менен камсыздады.

Компаниянын 25 жылдык мааракесине карата дагы бир социалдык демилге Баткен облусунун эки мектебинде Beeline’дан заманбап компьютердик класстарды ачуу болду.

Beeline КР ИИМ ЖКККББ менен биргеликте Чүй облусунда окуучулардын жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн «Абайлагыла, балдар!» акциясын өткөрдү.

Кыргызстандын өсүп келе жаткан муунун колдоо үчүн Beeline Enactus Коомдук бирикмеси менен биргеликте кесип тандоо боюнча бекер онлайн курстарды – долбоорун ишке киргизди.

Ошондой эле Beeline мааракелик жылы «Акысыз IT курстары» долбоорунун экинчи этабынын аякташы менен белгиленди. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген 75 катышуучу маалыматтык технологиялар тармагындагы популярдуу беш багыт боюнча окуудан өтүп, мыкты бүтүрүүчүлөр ата мекендик ири компанияларга стажировкага чакырылган.

Инновациялардын жана жемиштүү кызматташуунун жылы

2023-жылы Beeline Кыргызстанда биринчи жолу Супер Күчтөр - кошумча кызматтардын ийкемдүү системасы менен тарифтик линияны чыгарды, ал үчүн кошумча төлөөнүн кереги жок. Алардын катарына «Иви» онлайн кинотеатры жана музыкалык платформага, кино каталогуна, электрондук китепканага кирүү мүмкүнчүлүгүн берген жана арзандатуу менен ыңгайлуу таксиде жүрүүгө мүмкүндүк берген «Яндекс Плюс» жазылуусу кирет.

Андан кийин «Укмуш ТВ» мобилдик телевидениеси пайда болду. Beeline’дын жаңы өнүмүндө 200гө чейин кыргыз жана чет элдик телеканалдар, ошондой эле кошумча кызматтар: PREMIER онлайн кинотеатры жана кыргыз, казак жана өзбек тилдерине сапаттуу которулган чет өлкөлүк контент менен KYRGYZHA онлайн кинотеатры кирет.

Жыл ичинде тармактын сапатын жогорулатууга зор көңүл бурулду. Натыйжада Beeline Кыргызстан интернет ылдамдыгын тестирлөө жана талдоо боюнча дүйнөлүк лидер Ookla рейтинги боюнча Бишкек жана Чүй облусунда 4G интернет ылдамдыгы боюнча лидер деп таанылды.

Beeline ошондой эле Кыргызстандагы уюлдук операторлордун ичинен Apple компаниясынын биринчи ыйгарым укуктуу реселлери болуп калды. Компаниянын кеңселеринде расмий кепилдик менен дүйнөгө белгилүү бренддин оригиналдуу өнүмдөрүн сатып алсаңыз болот.

Жылдын дагы бир ачылышы Beeline, «Шоро» компаниясы жана 1.1STUDIO командасынын биргелешкен чыгармачыл, өлкөдө аналогу жок кобренддик веб-сериал «Супер Аралаш» долбоору болду.

Сыйлыктардын жана жетишкендиктердин жылы

2023-жылы Beeline кибер-туруктуу уюм катары статусун тастыктаган ISO/IEC 27001 эл аралык стандартына шайкештик сертификатын алды. Аудиттик текшерүүнү Европадагы эң абройлуу сертификаттоо органдарынын бири болгон Британ Стандарттар Институтунун (BSI) өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлгөн.

Beeline компаниясынын туунду компаниясы Balance.kg Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин сыйлыгын каржы технологияларына инновациялык ыкмалар, тейлөөнүн жогорку деңгээли жана бизнести өнүктүрүүдөгү чоң жетишкендиктери үчүн «2023-жылдын мыкты компаниясы» номинациясында жеңишке ээ болду.

Мындан тышкары, Beeline өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясатты колдогону үчүн КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинен ыраазычылык алды. Оператор «Инфоком» мамлекеттик ишканасынан Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасына биринчилерден болуп кошулган бейөкмөт уюмдардан болду.

Декабрь айында Beeline Кыргызстан корпоративдик маданиятты жигердүү өнүктүрүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн Американын Соода палатасынын «Жылдын мыкты иш берүүчүсү» сыйлыгын алды.

Эстен кеткис таасирлердин жылы

Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Beeline белгилүү Dbillions тобунун Бишкектеги концертин колдоп, ошондой эле жаш кыргызстандыктар үчүн оюндар жана байгелер менен өзүнчө аянтча уюштурду.

Өлкөнүн түштүгүндө, Баткенде жана Жалал-Абадда Beeline кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда бекер майрамдык концерттерди өткөрдү. Көрүүчүлөр өздөрүнүн сүйүктүү аткаруучуларынын чыгармаларына гана эмес, компаниянын байгелүү сынактарына да күбө болушту. Beeline’дын кызматын көп жылдардан бери колдонуп келе жаткан эң ишенимдүү абоненттер да белектерге ээ болушту.

Beeline Кыргызстандын 25 жылдык мааракесине карата бир катар иш-чаралар «Жаңы жылдык Beeline экспресс» акциясы менен аяктады. Аяз ата менен Аяз кыздын коштоосунда бекер даам ташыган Фудтрак өлкөнүн ар кайсы шаарларында болуп, элге майрамдык маанай тартуулады.

Beeline кыргызстандыктар үчүн байланыш кызматтары менен эле чектелбестен, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулат. Булар ошондой эле сапаттуу окутуу, карьералык өсүү жана маданий өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөр.

Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда 25 жылдан ашык иштеген Beeline өзүн ишенимдүү, туруктуу оператор катары гана эмес, өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнө салым кошкон социалдык жоопкерчиликтүү компания катары да көрсөтө алды.

Beeline: ар бир адам үчүн 25 жылдык мүмкүнчүлүктөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан