Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов кайрадан камакка алынды

Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу маалыматты Биринчи Май райондук соту тастыктады.

Маалыматка караганда, Иминов райондук соттун 2023-жылдын 30-декабрындагы чечими менен кармалган. Анда сот тарабынан мурда тандалган бөгөт чарасы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызынын негизинде 4-февралга чейин камакка алуу баш коргоо чарасына өзгөртүлгөн.

Буга чейин Иминов тергөө аяктаганча өлкөдөн чыгып кетпөө тил каты менен камактан бошотулган. Ал атайын кызмат тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганга шектелип кармалган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан