Кечээ, 9-январда Кыргызстандын улуттук курама командасы контролдук беттеште Вьетнамды утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлайт.
Белгилүү болгондой, беттеш кураманын 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында өттү. Жолугушуу Дохадагы "Al Egla" машыгуу талаасында орун алды.
Беттештин 31-мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми, атаандаштар оюндун 63-мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти.
Бирок Айзар Акматов 75-мүнөттө жооптук гол киргизип, кайрадан команданы алдыга алып чыкты. Ошентип, оюн 2-1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.
Белгилей кетсек, беттеш машыгуу мүнөздө өтүп, расмий статуска ээ болгон жок.
Команданын 2023-жылкы Азия Кубогунда старттык оюну 16-январда Таиланддын курамасына каршы өтөт.