Асылбек Маратов Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечесине бардык акындар катыша тургандыгын айтты

Бишкекте, 17-январда Эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт. Ага бардык төкмө акындар катышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына төкмө акын Асылбек Маратов билдирди.

Буга чейин төкмө акын Арген Биймырза уулу устаты Элмирбек Иманалиевди эскерүү концертине 5 акынды катыштырбай жаткандыгын социалдык баракчасы аркылуу айтып чыккан. Анда ал төкмө акын Асылбек Маратов жана анын айланасындагылардын чечими менен Изат Айдаркулова, Акматбек Султан уулу башында турган беш төкмө акын иш-чарага катышуудан четтетилгенин жазган.

Мындан улам Асылбек Маратовго байланышканыбызда, ал ак таңдай акынды эскерүүгө анын түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун бардык жамакчылары, таптап жүргөн шакирттери чакырылганын айтты.

"Устатыбызды эскерүү кечеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Иш-чарага бардык төкмө акындар чакырылды. Ал эми алар келип катышарын же катышпарын өздөрү чечет", - деди Асылбек Маратов.

Эске салсак, 17-январда Кыргыз Эл артисти Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өтөт. Иш-чара акындын туулган күнүн утурлай Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Анда Иманалиев түптөп кеткен "Төкмө келсе төр бошот" долбоорунун алкагында концерт тартууланмакчы.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Ал көп кырдуу талант эле. Төкмө акын, жазма акын, обончу, аткаруучу, дастанчы, манасчы болгон. 2020-жылы 20-апрелде оорудан улам 42 жашында көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан