UFC: Ислам Махачевдин кийинки атаандашы ким болору белгилүү болду

Жеңил салмактагы орусиялык UFC чемпиону Ислам Махачев өзүнүн социалдык түйүндөрүндө жаңы пост жарыялап, кийинки беттешин америкалык мушкер Жастин Гэйтжиге каршы өткөрөрүн жазды.

Махачевдин айтымында, анын Жастин Гэйтжи менен болгон беттеши 8-июнда өтөт. Ал ошондой эле ушул жылдын ноябрь айында бразилиялык Чарльз Оливейра менен армениялык мушкер Арман Царукяндын беттешинин жеңүүчүсү менен беттешүүгө даяр экенин билдирди.

Ислам Махачевдин эсебинде 25 жеңиш жана бир жеңилүү бар. Акыркы кармашта ал австралиялык Александр Волкановскийди техникалык нокаут менен жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан