Бишкекте футзал боюнча "Наристе-2024" эл аралык мелдеши аяктады

Кечээ, 10-январда Бишкектеги “Газпром балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде салттуу футзал боюнча "Наристе-2024" мелдеши аяктады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Наристе-2024" мелдешине жалпысынан мамлекеттик, күч түзүмдөрүнүн жана граждандык түзүмдөрдүн кызматкерлери, 35 жаштан улуу, 45 жаштан жана 50 жаштан улуу футбол сүйүүчү-ардагерлеринен турган 126 команда катышты.
"Мелдеш футзалды туруктуу өнүктүрүү жана аны өлкөдө жайылтуу максатында өткөрүлдү. Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду. Сыйлоо аземине аталган дирекциянын директору Эркин Үмөталиев, уюштуруу комитеттин өкүлдөрү жана мелдештин калыстары катышты", - деп жазылат анда.
Мелдештин жыйынтыгы:
Мамлекеттик граждандык түзүмдөрдүн арасында:
-1 орун Граждандык авиация мамлекеттик агентствосу командасы;
-2 орун Бишкек шаардык мэриясы;
-3 орун Мамлекеттик салык кызматы;
- 4 орун Саламаттыкты сактоо министирлиги.
Ушул эле турнирдин "граждандык түзүмдөрдүн" арасындагы "мыкты оюнчулары"
"Мыкты дарбазачы" Иманалиев Азамат;
"Мыкты коргоочу" Аралбаев Эрзат;
"Мыкты бомбардир" Сыдыков Руслан;
"Мыкты оюнчу" Култаев Нурлан;
"Мыкты менеджер" Иманалиев Таалай.
Мамлекеттик күч түзүмдөрдүн арасында:
-1 орун Кайтаруу жана конвоирование департаменти (Юстиция министирлиги) командасы;
-2 орун Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы;
-3 орун Ички иштер министирлиги;
- 4 орун Мамлекеттик бажы кызматы;
Мыкты оюнчулар:
"Мыкты дарбазачы" Шаршенов Азамат;
"Мыкты коргоочу" Максатов Эркин;
"Мыкты бомбардир" Мусаев Идирис;
"Мыкты оюнчу" Кубанычев Кайрат;
"Мыкты менеджер" Джапаркулов Айбек.
35 жаштан жогорку ардагерлер арасында:
-1 орун Регион 09 командасы;
-2 орун Фарватер;
-3 орун Бакай;
- 4 орун Нарын 87.
Мыкты оюнчулар:
"Мыкты дарбазачы" Куйкеев Казбек;
"Мыкты коргоочу" Кривко Эдуард;
"Мыкты бомбардир" Аралбаев Самат;
"Мыкты оюнчу" Болот уулу Кубат;
"Мыкты менеджер" Байсалов Нурлан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан