"Бүгүн 83 жашка чыкмак". Ырдын пири Рыспайдын өмүрү, ырлары, сүйүүсү, жана өксүгү (кызыктуу фактылар)

Бүгүн, 12-январь көрүнүктүү обончу жана аткаруучу, ырдын пири Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Эгерде анын көзү тирүү болгондо 83 жашка чыкмак. Улуу инсандын туулган күнүн утурлай SUPER.KG порталы ал тууралуу кызыктуу маалыматтарды бир макалага топтоону туура көрдү.
Кайталангыс талант Рыспай Абдыкадыров Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында 1941-жылы туулган. Анын балалыгы согуштан кийинки жылдарга туш келген. Атасы советтик бийлик тарабынан репрессияланып, кийин сөөгү да табылбай калганы айтылып жүрөт. Мындан улам аны апасы жалгыз өзү чоңойткон. Ал кичинекей кезинде эле аккордеон чертип музыкага шыктуу болгон. Мектепти аяктаган соң Ош педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1963-жылы бүтүргөн.
Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында баштаган. Мындан сырткары, Жалал-Абад жана Өзгөн элдик театрында, борбор калаадагы филармонияда да иштеген. Ошондой эле Ош шаарындагы маданият үйүн дагы жетектеген. 1970-жылдардан баштап өмүрүнүн аягына чейин Ош мамлекеттик институтунда мугалим болуп иштеген. Бул убакыт аралыгында ал көп жаштарга жол көрсөтүп, устат болгон. Азыр дагы кыргыз музыка өнөрүнүн айдыңында жүргөндөр аны устат тутарын айтып келишет.
Рыспай Абдыкадыров 3 ирет үйлөнгөн. Алгач Кара-Кулжа элдик театрында иштеп жүрүп, жашоодогу тун сүйүүсүнө жолугуп, бири-бирине аруу, таза махабаттарын арнашып Тоту деген айым экөө баш кошушкан. Эки кыздуу болгон соң жубайлардын ортосунда кайсы бир себептерден улам мамилелеринин муздай баштаганы байкалат. Дал ошол кезде Абдыкадыров кургак учук оорусуна кабылып, Фрунзе шаарына ооруканага келет.
Ооруканадан Рыспай өзүн дарылаган ак халатчан Оңол аттуу айымга көзү түшөт. Алар баш кошуп Аида аттуу кыздуу болушат.


Андан кийин Давлет аттуу өзүнөн бир топ жашка кичүү айымга баш кошуп, Сюита аттуу кыздуу болушкан.
Бүт өмүрүн Рыспайга арнаган Давлет 2003-жылы 1-ноябрда көз жумган. Анын Рыспайга арнап музей ачам деп жүргөн тилегине жетпей калганы айтылып жүрөт.
Басылмалардын бирине берген маегинде Абдыкадыровдун кызы Сюита Абдыкадырова атасы уулдуу болбой калганына өмүр бою өксүгөнүн айткан жайы бар. Ал эми атасынын мүнөзүн мындайча сүрөттөгөн:
"Анын мүнөзүн бир сөз менен айтканга эч болбойт эле. Бир туруп романтик, бир туруп сүрөтчү, бир туруп акын, бир туруп философ болуп кетчү. Бирок кандай болуп өзгөрүп турбасын баары чын жүрөктөн болчу. Мага да кээде дос, кээде кичинекей бала, кээде катаал ата болуп өзгөрүлүп турчу. Экөөбүз бир күнү апабыздан жашырып сыр бөлүшсөк, кээде “эрке” мүнөзү кармап калганда мен аны “тарбиялап” койчумун. Кээде ал мени урушчу. Ачуусу абдан тез келчү, бирок тез анысын унутуп калчу. Андыктан, анын таарынычын жазууга апам экөөбүздүн көп деле убактыбыз кетчү эмес. Апам анын мындай ачууга тез алдырган мүнөзүн, “музыка аны айланада эмне болуп жатканын унуткарып салат” деп түшүнүү менен мамиле кылчу. Атам дайыма сезим менен жашачу, ошондуктан кээде акылын сезимге алдырып ийчү. Атамдын оор, өзгөрүлмө мүнөзүн билген Түгөлбай ага (Казаков) атама “Эмгек сиңирген артист” наамын ыйгарып жатканда, бекеринен юмор менен чындыкты айкалыштырып, апама да “Эмгек сиңирген “дрессировщица” наамын берүү керектигин айтып күлдүргөнү бар".
Өзүнүн чыгармачылыгында Абдыкадыров бийлик тарабынан бут тосууларга дуушар болуп, жумуштан да айдалып кеткен. Бирок ага карабай, эл арасындагы кадыр-баркы өзгөчө болгон. Композитор партиялык бийликти, колхоз-совхозду мактаган бир да чыгарма жазган эмес. Анын обондорунун басымдуу бөлүгү сүйүү, махабат, арзуу жөнүндө болгон. Бул тууралуу анын кызы Сюита Абдыкадырова "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде буларга токтолгон:
"Атамды концерттерге катыштырбай, тизмеден сыздырып салган ишмерлердин болгону ырас. Аттарын атабай эле коёюн, азыр бир-экөөсүнүн көзү тирүү, аман болушсун. Бир чоң болгон экен, Лениндин туулган күнү болсо керек, атам сахнага чыкканы турса "сенин сүйүүдөн башка ырларың жокпу? Партия, Ленин жөнүндө ырда" дептир. Атам «сүйүүнү ырдап келгем, ырдап жүрөм, дагы ырдай берем» деп аккордеонун жыйнап алып чыгып кеткен экен. "Рыспай ичет, анан да урушчаак" деп "Эмгек сиңирген артист" наамына көрсөтүлгөндөрдүн тизмесинен сызып койгон учурлар көп эле болгон дешет. Бирок таптакыр куугунтуктап, ырдатпай койгон учур болгон эмес".
Ал эми ата-энесинин сүйүүсү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген:
"Апам атама жар эле болбостон, дос да, чыгармачылыгындагы кеңешчи, сынчысы да болгон. Мен экөөнү «Дон Кихот» романынын каармандары Дон Кихот менен Санчо Пансага салыштырып ошентип атачумун. Ошол эки каармандай болуп ээрчишип жүрүшөр эле.
Атам эрте өлөрүн сезип жүргөнбү, айтор, «Далиш, мен сага 100 пайыз ишенем. Сага ыраазымын» деп көп айтып, күндөлүгүнө да жазганы бар. Атамдын апама айткан дагы бир мындай сөзү бар: «Кемпир, биринчи мен өлөйүн. Сени 10 жылга чейин күтөм, ошого чейин жаныма барбасаң, өзүм келип алып кетем. Ушуну билип кой»,- деген. Айтканындай эле 10 жылдан кийин апам атамдын артынан кете берди. Экөө тең 53 жашында көз жумушту.
Апам атама турмушка чыгарын айтса, таенемдер «эки аялы бар чалга тием десең, үйгө ошол бойдон келбегин, кызым экениңден кечтим» деп урушуп, ыйлашкан экен. Апам ага да карабай атама келе бериптир. Экөө үйлөнгөндө аксакалдар "Рыспай, болду эми, үчүнчүсүн алып жибердиң" дешсе, атам "болду, болду, ушул акыркысы" деп койчу экен. Муну апам күлүп айтып калчу. Экөө жаңы үйлөнүшкөндө төшөктөрү жок, астыларына бир күрмөнү салып, үстүлөрүнө пальтолорун жамынып укташчу экен. Бир топ убакыттан кийин таенем апамдан кабар алайын деп келсе, апам кош бойлуу экен, эч нерсеси жок бир бөлмөдө отурушуптур. Атам таенеме ырдап берип көңүлүн алып узаткан экен. Көп өтпөй апам төшөнчүлөрүн алып келип бериптир".
Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган обончунун "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган. Анын чыгармалары бүгүнкү күнгө чейин калк арасында ырдалып келет.
1988-жылы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген наам алган соң "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн. Р.Абдыкадыров 360 чамалуу обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.
Рыспай Абдыкадыров 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгонунда гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген.
Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган.
1997-жылы 12-январда Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, кийин ырчынын Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулуп, коомдук фонд да уюштурулган. Рыспай Абдыкадыровго Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.
12-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан