Бишкекте жаштар арасында футзал боюнча "Мекеним" турнири аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалым болгондой, мелдеш 7-11-январь күндөр аралыгында өтүп, ага Бишкек шаарынан 24 курама команда катышты.
2015-жылы туулган уландар арасындагы турнирдин жеңүүчүлөрү:
1-орун – “Илбирс” командасы;
2-орун – “Алга” командасы;
3-орун — «Спартак» командасы.
2014-жылы туулган балдар арасында:
1-орун – “Horents” командасы;
2-орун – “Илбирс” командасы;
3-орун - СДЮСШОР СИ командасы.
2013-жылы туулган балдар арасында
1-орун - "Илбирс" командасы;
2-орун - "Интер" командасы;
3-орун - "Герреро" командасы.
Жеңүүчү жана орунга ээ болгондор кубок, медал, баалуу сыйлыктар менен сыйланышкан.
Бул турнир Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулганы айтылат.