Балбан Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик турниринде алтын медаль утту.
Белгилүү болгондой, спортчу алтын үчүн күрөштө америкалык Кайла Киеко Миракл менен кез келип, атаандашын 7:0 эсебинде артта калтырды.
Жарым финалда японилык Сакура Мотокини утуп финалга жолдомо алган.
Ага чейин америкалык Адаго Диана Нвачуквуну 4:0 эсебинде, кытайлык Яру Вуну 6:5 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Касабиеваны 7:3 эсебинде артта калтырып, жарым финалга чыккан.
Эскерте кетсек, эл аралык мелдеш 10-январда башталган. Эртең, 14-январда жыйынтыкталат.