"РСК Банк"&MEGA "Жылдын коллаборациясы" сыйлыгына тандалып алынды

«РСК Банк» ААК жана MEGA мамлекеттик уюлдук оператору өлкөдө биринчи биргелешкен тармактар ​​аралык GovFinTech долбоорун түзгөнү үчүн жыл сайын берилүүчү #ONE MAGAZINE AWARDS 2023 «Жылдын коллаборациясы» сыйлыгын алышты.

Бишкек шаарында өткөн ишембиде #ONE MAGAZINE AWARDS 2023 сыйлыгын тапшыруу боюнча VIII- салатанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда One Magazine журналынын версиясы боюнча Кыргызстандын ар кайсы тармактагы жетишкендиктери үчүн мыкты бизнес өкүлдөрү аталды. Бул жылы аталган иш-чарага 26 талапкер көрсөтүлгөн.

2023-жылдын декабрь айында РСК Банк жана MEGA кызматташууну жарыялашканын эске сала кетебиз. Мамлекеттик сектордун бул эки флагманы биринчи секторлор аралык санариптик мамлекеттик демилгени жарыялашкан. Мында мобилдик каржылык технологиялардын - GovFinTech өнүгүшүнө жол ачылган. Бүгүнкү күндө биргелешкен долбоордук кеңсенин негизинде ишкерлер үчүн бирдиктүү мобилдик тиркеме боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат.

Чакан жана орто бизнес үчүн алгачкы акылдуу кызматташуу чечими ушул жылдын февраль айында ишке ашары каралууда. Акылдуу чечим жеке ишкерди/ЖЧКны каттоодон тартып, жоюуга чейинки онлайн “ишкер жолун” коштоп жүрүүгө жана “бирдиктүү терезе” принцибинин негизинде ишкананын “иштөө ыргагынын” толук кандуу санариптик өнүгүп жаткан экосистемасын түзүүгө багытталган. Демилге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун тапшырмасы боюнча мамлекеттик санариптик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.

2023 коллаборации компанияларынын жетишкендиктери

«РСК Банк» ААК ири жана прогрессивдүү банктардын бири болуп саналат, ал өлкөдө финансылык кызматтарды жана продукттарды кеңейтүүгө, калкты колдоого жана банктык кызматтарды алууну жеңилдетүүгө багытталган инновациялык долбоорлорду биринчилерден болуп ишке киргизген.

2023-жылы РСК Банк финансылык көрсөткүчтөрдүн активдүү өсүшүн көрсөтө алган. Алып карасак, Банктын уставдык капиталы 9 400 822 000 сомго жетти. Мында, таза пайданын өсүшү 237,2%ды түзүп, кредит портфели 133,4%га, уставдык капитал 132,8%га өскөн.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин версиясына ылайык, РСК Банк «Мыкты мамлекеттик компания» катары аталды. Банк, ошондой эле, Мамлекеттик салык кызматынын «2023-жылдын 5 айынынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүн түзүүгө кошкон олуттуу салымы, салык мыйзамдарын так аткаргандыгы үчүн» сыйлыгына татыды. Мындан тышкары, Банк Visa төлөм системасынан инновациялык банктык продукттарын ишке киргизгендиги үчүн сыйлыктарды алууга жетишти: E-commerce Launch – Visa карталары боюнча интернет-эквайринг кызматтарын ишке киргизгендиги үчүн; Launch of Visa Direct - RSK24 мобилдик банкингде Visa Direct кызматын ишке киргизүү үчүн; "Google Pay кызматын ишке киргизгендиги үчүн."

РСК Банк WSBI (Дүйнөлүк сактык жана чекене банкинг институту) мүчө болгон Кыргызстандагы биринчи банк болуп саналат. 2023-жылы Банк, ошондой эле, Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен чакан жана орто бизнести каржылоо үчүн 10 миллион юань суммасында кредиттик линияны ачуу боюнча келишимге кол койгон.


MEGA («Альфа Телеком» ЖАК) — Кыргыз Республикасындагы эң ири мобилдик байланыш оператору. Өткөн 12 айдын ичинде MEGA тармакты өнүктүрүү жана оптималдаштыруу боюнча бир топ иштерди жүргүздү. Бүгүнкү күндө MEGA республиканын калктуу аймактарынын 99%дан ашыгын уюлдук байланыш менен камсыз кылуу менен 2/3/4G тармагын камтуу боюнча лидер болуп саналат. Өткөн жылы мамлекеттик уюлдук оператор Кыргызстанда биринчи жолу акысыз, технологиялык жактан өнүккөн VoLTE кызматын ишке киргизген.

Компания, ошондой эле, бир катар санариптик чечимдерди көрсөтө алды жана 5G технологиясын ийгиликтүү сынады. MEGA ыңгайлуу кызматтарды сунуштап, FinTech багытын активдүү өнүктүрүүдө: MegaPay, MegaTV, Mega24, MegaKassa, MegaLab. «Түндүк» мамлекеттик мекемеси менен бирге MEGA «MegaPay аркылуу санариптик документтер жана мамлекеттик кызматтар» пилоттук долбоорун биринчилерден болуп ишке киргизди. Ата мекендик оператор биринчилерден болуп булуттук электрондук кол тамгасын ала турган кызматты ишке ашырды.

Бүгүнкү күндө MegaPay аркылуу телефон балансынан же QR код аркылуу 1200дөн ашык товарлар жана кызматтар боюнча төлөөгө, Кыргызстандын 10 банкынын карталарына комиссиясыз акча которууга, кредиттерди төлөп коюуга жана эл аралык которууларды жүргүзүүгө болот. Мындан тышкары, компания Кыргызстандагы уюлдук операторлордун ичинен биринчи болуп MegaBlack виртуалдык картасын колдонууга чыгарды. Бул иши үчүн ал VISA глобалдык төлөм системасынын The First MNO Digital Visa Card сыйлыгына ээ болду.

MEGA – Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз байланыш оператору, ал ISO 9001:2015 версиясынын сапат менеджменти системасынын эл аралык сертификация талабынан өткөн, КМШ өлкөлөрүнүн сапат тармагындагы жетишкендиктери үчүн Эл аралык сыйлыгынын дипломуна ээ болгон жана БУУнун Эл аралык электр байланыш союзуна дагы мүчө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан