UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, белгилүү орусиялык мушкер Ислам Махачев Кыргызстанга келди.
Ал учурда Каракол шаарындагы тоо-лыжа базасында жүрөт.
Махачев кайрылуусунда туристтерди дагы Караколго келип, эс алып кетүүгө чакырды.
Ислам Махачевдин эсебинде 25 жеңиш жана бир жеңилүү бар. Акыркы кармашта ал австралиялык Александр Волкановскийди техникалык нокаут менен жеңип алган.