Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азия чемпиондугуна даярдык көрүү максатында Ташкент шаарында өтүп жаткан Эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу жыйыны 11-январь күнү башталган, 31-январда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
1. Бекдөөлөт Расулбеков 102 килограмм ЭДСЧ;
2. Эмил Молдодосов 89 килограмм ЭДСЧ;
3. Ишимбек Муратбек уулу 67 килограмм СЧ;
4. Нурсултан Тармалов 96 килограмм СЧ;
5. Эльзар Таиров 73 килограмм СЧ;
6. Өмүржан Молдодосов - улук машыктыруучу;
7. Камбар Токтоналиев – башкы машыктыруучу.
Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2024-жылга алынган календарлык планынын негизинде өткөрүлүүдө.