Жумурай журтка таанымал ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 17-январда 46 жашка чыкмак. Ал 42 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган. Ал төрт жашынан манас айтып, тамга таанып, китеп окуп баштаган. Алгачкы эле окуган китеби "Манас" эпосу болгон. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай кароо-сынактарга катышып жүрүп, төкмө акындык өнөрү боюнча тушоосу 6-классында кесилген. Алгач "Нооруз" майрамында төгүп ырдап, эл оозуна алына баштаган. Жаш таланттын кабары төкмө акын Тууганбай Абдиевге жетип, ал шаарга алып кеткен. 15 жашында "Айтышка" катышып, "Айтыш-93" фестивалында баш байгени жеңип алган.
Калың журтка төкмө акын, обончу катары таанылган Элмирбек Иманалиев поэзия жаатында да өзгөчө ырларды жаратып кеткен. Акындын ырларын Поэтерапия рубрикасынан шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз.
Акындын бир тууган эжеси Нурайым Иманалиеванын инисин эскерген маегин бул видеодон көрүңүз.
Элмирбек Иманалиевдин өмүр баянын, маектерин, ырларын бул шилтемеден окуңуз.
Ак таңдай акындын сүрөттөр топтомун Фотоальбом рубрикасынан көрө аласыз.
17-январга карата жылнаама.