«Мой  Beeline» тиркемесинин активдүү колдонуучулары iPhone жана башка сыйлыктарга ээ болушту

Жылды Beeline Кыргызстандын «Жаңы жылдык календары» акциясынын жеңүүчүлөрү сыяктуу жакшы жаңылыктар жана кубанычтуу окуялар менен баштоо абдан жагымдуу. Уюлдук оператор сынактын жыйынтыгын чыгарып, эң активдүү катышуучуларды сыйлады.

Декабрь айында «Мой Beeline» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары күндөлүк жөнөкөй тапшырмаларды аткаруу жана оператордун ар кандай кызматтарын колдонуу менен сынактык упайларды ала алышты. Эң көп упай топтогон тогуз катышуучу жеңүүчү деп табылды:

• Биринчи жана экинчи орунду алган абоненттерге iPhone 15 Pro смартфондору тапшырылды. Алар Чүй облусунан Адылова Зыягүл менен Баатырбек кызы Алина болушту. Үчүнчү орундун жана iPhone 14 Pro оригиналынын ээси Ош шаарынын тургуну Асилбек уулу Бекназар болду.

• Apple AirPods 3 кулакчынын Баткенден Мамажалолов Боймуроджон, Чүй облусунан Назгүл Сокоева жана Ош шаарынан Анарбаев Бекболот жеңип алышты.

• Mi Band 6 саатын Бишкектен Бокоев Данислан, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын тургундары Султаналиев Муратали жана Алижан уулу Канатбек алышты.

Жеңүүчүлөр Beeline Кыргызстандын башкы кеңсесине чакырылды. Ишкананын башкы директору Андрей Пятахин катышуучуларды жеңиши менен куттуктап, баалуу девайстарды берди. Калган байгелер жакын арада аймактардагы бактылуу ээлерине тапшырылат.

«Жаңы жылдын алдында мен мобилдик интернетти активдүү колдоно баштадым: майрамдык роликтерди, концерттерди, программаларды көбүрөөк көргүм келди», – дейт сынактын жеңүүчүсү Зыягүл Адылова. – «Мен тиркемеден сынак болуп жатканын көрүп, катышууну чечтим. Жыйынтыгында мен биринчи орунду алдым, iPhone 15 Pro утуп алдым жана буга абдан кубанычтамын. Мындай мүмкүнчүлүк үчүн Beelineга рахмат!»

Экинчи орунду алган Алина Баатырбек кызы да өз таасири менен бөлүштү: «Мен сынак тууралуу сыналгыдагы жарнамадан билип, дароо упай топтой баштадым. Жеңишимди укканда башында ишенген жокмун. Албетте, мен абдан сүйүндүм, эмоцияларым чегинен чыгып кетти. Мен дагы Beeline сынактарына сөзсүз катышам. Катыш, жең, баары ачык. Ийгилик сиздерге!»

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан