"Үй-бүлөлүк архив көрүп өткөрөм". Ырчы Дилбаркан Райымбекова 55 жашка чыкты

Бүгүн, 21-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилбаркан Райымбекова 55 жашка чыкты. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда бул күндү белгилебей турганын айтты.

"Туулган күнүмдү алгач жолдошумдун бала кезинен берки досу Төрөбек ага куттуктады. Ошондой эле бир туугандарым, жакын санаалаштарым да куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты. Бул күндө үйдө эле болуп, үй-бүлөлүк архивдерди көрүү менен өткөрөм", - деди ал.

Ошондой эле ал концерттерге үзбөй катышып турганын, жакында эле "Үч-Теректин үч кызы" тобу "Көктөп кал" деген жаңы ыр жаздырышканын айтты.

Дилбаркан Райымбекова 1969-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Үч-Терек айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. Андан соң Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыкалык факультетин, кийин Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган.

1992-жылдан 2003-жылга чейин Чүй театрында, 2003-жылдан 2010-жылга чейин Ысык-Көл театрында, 2010-жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунда иштеп келет.

Дилбаркан Райымбекова алгач обончу жана аткаруучу Майрамбек Осмоновдун "Сен болсоң", Хабибилла Азиреткуловдун "Дил кайрык" аттуу ырлары менен чоң сахнага аттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан