"Ар бир күнүбүз белек". Эстрада ырчысы Ильяз Абдыразаков 36 жашка толду

20 жылдан ашуун убакыттан бери сахнада жүргөн эстрада ырчысы Ильяз Абдыразаков бүгүн, 21-январда 36 жашка толду. Ырчы мырзаны куттуктап байланышка чыгып, чыгармачылыгы тууралуу да суроо узаттык.

"Туулган күнүмдү үй-бүлөм менен белгилейм. Алгачкылардан болуп досторум куттуктады. Негизи жашоодо ар бир күнүбүз Жараткандан келген белек. Быйыл чыгармачылыгыма өзгөчө көңүл бурууну көздөп жатам. Пландар көп", - дейт ал.

Ильяз Абдыразаков 1988-жылы Баткендин Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Анткени экөө тең музыкага жакын адамдар болгон. Атасы гитарада жакшы ойносо, апасы убагында мектепте музыкадан сабак берген.

Ильяз кичинесинен ыр жандуу болуп, өз алдынча обон чыгарууга аракеттенип жүргөнүн маектеринин биринде айтканы бар. Ошол кызыгуусу түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга аралаша баштаган.

Бир концертте аранжировщик Мирлан Ниязов менен таанышып калып, аны ээрчип шаарга келе берген. Ошентип аранжировка боюнча алгачкы сабактарды ала баштаган. Кийин Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов менен "Санат" тобунда иштеп, ырдап калат. Топко караганда жеке чыгуу оңой экенин байкап, өз алдынча иштей баштаган. Өз өнөрү менен көптөгөн хит ырларды жараткан Ильяз Абдыразаков кыргыз эстрадасында өз ордун таап, атагы коңшу өлкөлөргө да тараган.

Сахнага алгачкы жолу 1998-жылы Ошто Абдумалик Шерматов менен биргеликте 5 күндүк концертте чыккан. Ал маектеринин биринде: "Ырчылык кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Анткени өзүмдү кеңседе отуруп алып иштеген кызматкер катары элестете албайм", - деген.

Ырчы 2010-жылы Медина аттуу сулууга баш кошкон. Учурда жубайлар 2 уул, 1 кызды тарбиялап келишет.

Белгилей кетсек, Ильяз Абдыразаков "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировкачысы", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси болгон.

21-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан