Аман-эсен: түнкү жер титирөө Elite House объекттерине таасирин тийгизген жок

Кыргызстанда түн ичинде болгон жер титирөө калк арасында олуттуу тынчсызданууну жаратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бирок социалдык тармактарда көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарынан жарака кеткен видеолор пайда болуп, колдонуучулар Бишкектеги жаңы курулган имараттардын сапатына кызыгышты.


Акыркы окуялардын негизинде Elite House курулуш компаниясы жоопкерчилик менен билдирет: компаниянын бардык имараттары сейсмикалык коопсуздук стандарттарына жооп берет. Компаниянын өкүлдөрү объектилерди кыдырып, табигый кооптуу көрүнүш тургундарга эч кандай зыян алып келбегенине жеке ынанышты.

«New York» турак-жай комплексинин жашоочусунун айтуусунда, жер титирөө дүрбөлөң жаратып, бирок жагымсыз кесепеттерсиз өткөнүн билдирди:

- Бардыгы текшерилди, эч кандай жарака аныкталган жок. Биздин батир жетинчи кабатта. Ваннада да, ашканада да эч бир зыянга учуроо болгон жок. Бул абдан жакшы, анткени биз бул жерде биринчи жылы жашап жатабыз. Мындай жер титирөөлөр мындан ары болбойт деп үмүттөнөбүз. Бирок күтүүсүз жерден болуп калса, баары жакшы болот деп ишенем.

Жер титирөөдөн кийин кылдат текшерип чыктык, эч кандай зыян тартуу болгон жок. "Куруучу бардык иштерди курулуш ченемдерине ылайык сапаттуу аткарыптыр", – деп белгилешти турак-жай комплексинин тургундары. Компаниянын башка объектилери да жабыркаган жок.

"10 жыл аралыгында Elite House бардык ченемдерди жана талаптарды сактоого өзгөчө көңүл буруу менен ишенимдүү имараттарды куруп келүүдө, – деп билдирди компаниянын башкы директору Улугбек Файзиев.

- Үйлөрдү долбоорлоодо региондун сейсмикалык активдүүлүгү эске алынат жана тиешелүү жогорку тактыктагы эсептөөлөр жүргүзүлөт. Курулушта акыркы технологиялар жана жогорку сапаттагы материалдар колдонулат, ошондуктан биздин кардарларга тынчсыздануунун кажети жок. Жашоочулардын коопсуздугу, тынчтыгы жана жайлуулугу биз үчүн биринчи орунда турат.

Elite House – 10 жылдык туруктуулук!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан