Бишкек шаарында ачылган «КСБ Коммерциялык Банк» ЖАКтын жаңы филиалына кош келиңиз!

Бүгүн «КСБ Коммерциялык Банк» ЖАКтын филиалдык тармактары дагы бир борбордук филиал менен толукталды. Анын расмий ачылышы салтанаттуу түрдө кардарлардын, филиалдын кызматкерлеринин жана чакырылган коноктордун катышуусу менен өттү. Анда Кыргызстан банктар союзунун президенти – Абдраев Анвар Карикеевич, КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин директору Букуев Кадырбек Жумабекович жана Октябрь районунун акиминин биринчи орун басары Адылбеков Майрамбек Алымбекович кызыл лентаны символдук түрдө кесишти.

«КСБ Коммерциялык Банк» ЖАКтын Башкармалыгынын төрагасы Кристина Червонова салтанаттын ачылышында мындай деди: “Биз жаңы филиалды түзүүгө көптөгөн күчүбүздү, энергиябызды жумшадык жана руханий жактан колдодук. Жыйынтыгында акыркы технологияларды өзүнө камтыган чыныгы заманбап жана ыңгайлуу тейлөө түйүнү пайда болду жана биздин филиалдар тармагынын татыктуу мүчөсү боло алат деп ишенебиз».

Жаңы түйүн Юнусалиев 95 көчөсүндө жайгашат жана туруктуу жана жаңы кардарларыбызга саат 9:00дөн 17:30га чейин (түштөнүү үчүн тыныгуу жок) жеке жана юридикалык жактар үчүн банктык продуктылардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык спектрин сунушутоого даяр: эсептик-кассалык жана валюталык алмашуу операциялары, депозиттерди ачуу, насыяларды берүү, чет өлкөлөргө жана өлкө ичинде акча которуулар, улуттук жана эл аралык системада төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө, мобилдик жана интернет-банкингди кошуу, ошондой эле башка талап кылынуучу кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Бир нече убакыт мурда өзүнүн расмий аталышын өзгөрткөн Банк, өлкөдөгү банктык иштин швейцариялык салтын колдонууну, тейлөөнүн жогорку деңгээлин жана кардарларыбыздын бакубатчылыгын жакшыртууну жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө иш алпаруу менен мамлекеттер ортосундагы өнөктөштүк үчүн чексиз дараметин көрсөтүүнү улантууда.

КРнын борборунан жана региондорунан «КСБ Коммерциялык Банк» ЖАКтын кардарларын кабыл алууга кубанычтабыз.

Бардык суроолор боюнча " КСБ Коммерциялык Банк» ЖАКтын байланыш борборуна кайрылыңыз: + 996 (312) 54 34 24 (шаардык), +996 (705) 54 34 24 (О!), +996 (755) 54 34 24 (Megа), +996 (222) 54 34 24 (Beeline) же bank@ksbc.kg почтасына, www.ksbc.kg сайтындагы чатка, Telegram - @ksbcbot_botко, +996 (222) 543424 номери боюнча WhatsApp'ка жазыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан