Швейцарияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө өтөт

Швейцариянын Женева шаарында Манас эпосуна жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата жарык көргөн “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” китебинин бет ачарында айтылды.

Мааламыттарга караганда, кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаеванын айтымында, бул боюнча сүйлөшүүлөр Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Генералдык ассамблеяларынын алкагында макулдашылган.

Анын негизинде, ушул жылы “Манас” эпосуна, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына карата Швейцариянын Женева шаарында чоң көргөзмө уюштурууга учурда даярдыктар көрүлүп жатат.

"Ага Чыңгыз Айтматов жана Манас дүйнөсүн ачып берген китептер, дисктер, сүрөттөр жана буюм-тайымдар тартууланат. Мындан тышкары дүйнө коомчулугуна жайылтуу аракетинде Кыргызстанда өндүрүлгөн географиялык көрсөткүч макамына ээ болгон жана “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүлөрү тарабынан өндүрүлгөн товарлар да көргөзмөгө коюлат", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан