Катарда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат (фото)

Катар мамлекетинде Кыргызстандын маданият күндөрү өтүүдө. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, маданий программа Доха шаарындагы Лусаил бульварында жайгашкан Кыргызстандын павильонунун жанында тартууланды. Шаар тургундары жана кыргызстандыктар концертти жылуу кабыл алышты.

Аталган бульварда футбол боюнча Азия Кубогунда ойноп жаткан өлкөлөрдүн павильондору да бар. Алар боз үйдүн формасында жасалып, улуттук баш кийими болгон калпак жана салттуу колго жасалган шырдак килемдери менен кооздолгон.

Павильондор ушул жылдын 10-февралына чейин иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан