MEGA, стартаптар үчүн платформа катары, Accelerate Prosperity Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болду

Мамлекеттик телеком оператор MEGA өзүнүн социалдык корпоративдик жоопкерчилигинин алкагында, Ага Хан Фондунун өнүктүрүү боюнча глобалдык демилгеси, Кыргызстандагы чакан жана өнүгүп келе жаткан бизнести, анын ичинде экотутум үчүн стартаптарын колдоого багытталган инвестициялык бизнес-акселератор - Кыргызстандагы Accelerate Prosperity’нин стратегиялык өнөктөшү болду. Өнөктөштүк жөнүндө меморандумга "Альфа Телеком" ЖАКнун (MEGA) башкы директору Айбек Куренкеев жана Кыргызстандагы “Accelerate Prosperity” демилгесинин өлкөлүк директору Жылдыз Исабекова кол коюшту.

Өлкөнүн санариптик экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө умтулуу менен MEGA - улуттук санариптик экосистемада ишенимдүү акылдуу платформа катары, жигердүү жасалма интеллектте негизделген жана Data Science жаңы санариптик өнүмдөрдү жасаган стартап коомчулугун колдойт.

Кыргызстандагы #1 Accelerate Prosperity (АР) программасы менен кызматташуунун алкагында, компания өлкөнүн алдыңкы улуттук санарип платформасынын санариптик кызматтарынын жана мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңири спектрине жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү менен таланттуу стартаперлерге жаңы горизонтторду ачат.

Бул жылы 8 айдын ичинде GPT'нин негизинде жана жасалма интеллекттин негизинде аудио жана видео генеративдик мазмунду жасоо, IT багытында ар кандай процесстерди маалыматтарды талдоо жана болжолдоо, ошондой эле, өндүрүш тармагында ар кандай жараяндарды автоматташтыруу жана оптималдаштыруу боюнча сегиз хакатон өткөрүлөт. Программанын катышуучулары тажрыйбалуу насаатчылардын, анын ичинде MEGA’нын эксперттеринин жетекчилиги астында бизнес-моделдөөнүн негизги принциптерине окутулат. Алынган билим инновациялык чечимдерди ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжалуу механизми болуп калат.

MEGA мамлекеттик компаниясы эбегейсиз техникалык, инфраструктуралык, программалык, кесиптик ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү менен кыргызстандык стартаптарды колдоого даяр. Программанын резиденттери тарабынан түзүлгөн IT өнүмдөр, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү трансформациялоо боюнча демилгелерди өнүктүрүү үчүн улуттук санариптик экосистеманы толтуруу жана өнүктүрүү үчүн каралат.

"АР өз тармагындагы флагман-компаниялар менен кызматташууга умтулат, жана MEGA өлкөдөгү инновациялык стартаптарды өнүктүрүүгө күчтүү түрткү бере турган хакатондордун бүтүндөй сериясынын ишенимдүү таянычы болуп калаарына кубанычтабыз", - деп билдирди АР’нын өлкөлүк директору Жылдыз Исабекова.

"Биз өлкөдөгү жалгыз инвестициялык бизнес-акселератор менен стратегиялык өнөктөштүгүбүздү бекемдедик. Биздин кызматташтыктын максаты - бул санариптик экотутумду жана Кыргызстандын ичиндеги стартаптарды өнүктүрүү", - деп белгиледи MEGA’нын башкы директору Айбек Куренкеев.

MEGA'нын топ-менеджменти Accelerate Prosperity менен стратегиялык өнөктөштүк жаш муундун инновациялык идеяларын колдоодо негизги кадам болуп, өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун гүлдөп-өнүгүшүнө жана бекемделишине өбөлгө болот деп ишенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан